Каракалпак активисти абактагы кыйноого арызданып БУУга кайрылды

Даулетмурат Тажимуратов. Архив сүрөт.

Өзбекстанда абакта отурган каракалпак активисти, 2022-жылы Нукустагы нааразылык акцияларынын лидери Даулетмурат Тажимуратов Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылды.

Анын "Түркмөнстандын Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду" укук коргоо уюмуна келип түшкөн катынын үзүндүлөрү жарыяланды.

Кол менен жазылган эки баракта Тажимуратов каракалпак тилинде колониядагы кармоо шарттарын жана зомбулукту сүрөттөгөн. Анын айтымында, аянты 20 чарчы метр камерада сегиз киши болсо, жетөө администрацияга маалымат жеткирип турат.

"XXI кылымда мени полу жок камерада кармап жатышат, - деп капаланат Тажимуратов. - Мончого түшкөнүмө 60 күн болду, дааратканада жуунуп жатам. Робинзон Крузо да менден жакшыраак жашаса керек. Калем менен кагазды жумасына эки күнгө гана беришет".

Ал Навои облусундагы түрмөдөн Бухара облусундагы колонияга которулганы шарттардын жакшырышына өбөлгө болбогонун жазган.

Тажимуратов аны мурдагыдай эле аскердик ырларды жана гимнди ырдоого мажбурлашып, ал андан баш тартып жатканын айткан.

8-июлда аны колониянын кызматкерлери сабаганын кабарлап, "өзбекмин деп айт" деп талап кылышканын, таяктан кийин бир жума бою заара ушатканда кан чыгып турганына токтолгон.

Кайрылуусун жыйынтыктап жатып ал бул иштерге апасын жана жакындарын аралаштыргысы келбегенин, ошондуктан катты сыртка мыйзамсыз жол менен жөнөтүп жатканын белгилеген.

Даулетмурат БУУга кайрылып, Адам укуктарынын жалпы декларациясы жана "Нельсон Мандела эрежелери" (туткундарга мамиле кылуунун эл аралык минималдуу стандарттары) кепилдеген коргоого муктаж экенин жазган. Катынын аягында Даулетмурат "жыгылганды тепкилөөдөн сактап, жардам берүүңүздөрдү өтүнөм" деп кайрылган.

Тажимуратовдун катын алган Human Rights Watch эл аралык уюму дагы 1-октябрда Өзбекстан бийлигин "эркиндигинен ажыратылган каракалпак блогери жана юристинин коопсуздугун жана бакубатчылыгын токтоосуз камсыз кылууга жана аны камактан бошотууга" чакырган.

"Даулетмурат Тажимуратовго карата кыйноолор жана кодулоолор токтотулушу керек, - дейт Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон. - Тажимуратов абакка камалбашы керек болчу, бирок ал темир тор артында турганда, Өзбекстандын бийлиги адамгерчиликсиз мамиледен жана кыйноолордон коргошу зарыл".

Өзбекстандын эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинде БУУнун Ташкенттеги өкүлчүлүгү, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер, Европа Биримдигинин делегациясы жана Өзбекстандагы башка дипломатиялык миссиялар Тажимуратовдун кармоо шарттарына жана тагдырына тынчсыздануусун чукул түрдө билдириши керек. Алар Өзбекстанды БУУнун Жумуш тобунун чечимин аткарууга жана Тажимуратовду бошотууга чакырышы зарыл", - деп билдирет HRW.

Расмий Ташкент бул чакырыктарга реакция кылган жок. Өзбек бийлиги буга чейин Тажимуратовдун укуктарынын бузулушун, ага карата кыйноолордун колдонулушун четке кагып келген.

Даулетмурат Тажимуратов 2022-жылдын июль айында өткөн Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы Каракалпакстандагы нааразылык акцияларынын лидери. Миңдеген адамдар Ташкенттен Баш мыйзамды кайра жазууну жана Өзбекстандын курамындагы республиканы суверенитетинен ажыратуу пландарына нааразылыгын билдирип көчөгө чыгышкан. Демонстрацияларды таратуу үчүн күч колдонгондуктан 20дан ашык адам каза болуп, 200гө жакыны жараат алган. Кандуу окуялардан кийин Ташкент талаштуу оңдоолордон баш тартканы менен каракалпак активисттерин мекенинде жана чет өлкөлөрдө куугунтуктай баштаган.

Тажимуратов 2023-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Навоидеги сот Тажимуратовдун жаза мөөнөтүнө кошумча эки жарым жыл кошкон. Тажимуратовдун бир тууганы Ренат буга чейин "Азаттык Азияга" Даулетмуратты түрмөдө кыйнашып, жаңы иш козгоо үчүн атайын кадамдарга түртүшкөнүн айтып берген.

Дагы караңыз

Өзбек Сенаты балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдү өмүр бою кесүү сунушун жактырды Тажикстанда салмагы 7 кг болгон эки жашар балага боор ооштуруу операциясы жасалды Кара-Сууда шаардык кеңеш төрагасы мыйзамсыз жер сатууга шектелүүдөУкраинадагы согушта каза тапкан орусиялык аскерлердин кеминде 260 миңинин тек-жайы аныкталды