Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору эми кургак учуктан башка дагы өпкө ооруларын дарылай баштайт.
Мекемени Улуттук фтизиатрия жана пульмонология борбору деп өзгөртүү Министрлер кабинетинин №649 токтому менен ишке ашты.
Токтомдо борбор тууралуу жобого өзгөртүүлөр киргизилип, кургак учукка байланыштуу туюдурмалар "туберкулез жана пульмонологиялык оорулар" болуп кеңейтилери көрсөтүлгөн.
Борборго муну менен катар фтизиатрия жана пульмонология багыттары боюнча өлкөдөгү саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындоо же бошотуу боюнча сунуштарды киргизүү укугу берилет.
Борбордун жетекчиси илимий, клиникалык иштер жана хирургия боюнча орун басарларын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашып, өзү дайындайт. Бул өзгөртүүлөр саламаттык сактоо системасындагы илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү максатында кабыл алынганы кабарланды.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2035-жылга чейин кургак учукту жок кылуу планын койгон. Кыргызстан дагы бул программага кошулган.
Кыргызстанда 1926-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек) кургак учукка каршы алгачкы диспансер жана 25 койкалуу санаторий ачылган. 1935-жылга чейин кургак учукка каршы атайын ооруканалар болгон эмес. 1957-жылы декабрда кургак учукка каршы диспансердин базасында 150 орундуу ооруканасы бар илим-изилдөө институтунун ачылышы болгон. (ST)