"Эсимде" аянтчасы тарыхый эс тутумга салым кошкон үч инсанга атайын сыйлык тапшырды.
Аянтчадан билдиришкендей, быйыл негизделген сыйлык тарыхый эс тутумду сактоого, унутта калган окуяларды жана ысымдарды коомдук мейкиндикке кайтарууга, архивдерди, булактарды жана күбөлөрдүн үнүн кийинки муундарга жеткирүүгө салым кошкон инсандарга ыйгарылат.
Сыйлыктын быйылкы лауреаттары тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору Болот Абдрахманов жана изилдөөчү Бактыгүл Акунбаева болду.
Тынчтыкбек Чоротегин - Кыргызстандын 1985–1991-жылдардагы коомдук-демократиялык кыймылдарынын активдүү катышуучусу.
Болот Абдрахманов - "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин ачылышына жана мемориалдын түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсан.
Бактыгүл Акунбаева - Экинчи дүйнөлүк согуштагы туткундардын тагдырларын архивдерден изилдеп, унутта калган ысымдарды кайра коомдук эс тутумга кайтарып келет.
Бишкекте 2-октябрдан бери "Эсимде" аянтчасынын "90-жылдардагы доорду ачуу: посткоммунисттик мейкиндиктеги көз карандысыздыкка ээ болуу процесстери" деп аталган V жыйыны өтүп жатат. Ага коңшу өлкөлөрдөн жана КМШ аймагынан келген бир катар тарыхчылар, илимпоздор, маданият таануучулар катышууда.
Анда Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн 1990-жылдардагы саясаты, экономикасы, чөлкөмдөгү жаңжалдардын чыгуу себептери, маданият жана кинонун өнүгүшү деген темалар талкууланып жатат.
Иш-чара 4-октябрда жыйынтыкталат. (ST)