Латвиянын Ички иштер министрлиги Өзбекстандын жарандарына виза берүүнү убактылуу токтотууну сунуштады.
Мекеменин маалыматында, буга жергиликтүү медиалардын өзбекстандыктар өлкөгө келгенден кийин бир нече, анын ичинде жашы жете электерге каршы кылмыштарга барганы тууралуу кабарлары себеп болгон.
Латвиянын министрлиги Өзбекстандын жарандары жасаган кылмыштардын бардык түрлөрү чагылдырылган деталдуу статистикалык отчетту жарыялаган жок.
"Биз чара көрүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан Өзбекстандын жарандарына виза берүүнү белгилүү бир мөөнөткө убактылуу токтотууну жана бул убакытты өзбек тарап менен кызматташуу үчүн пайдаланууну сунуштайбыз", - деди ички иштер министри Янис Домбрава.
ИИМ чектөө кирген мезгилинде өзбек тарап менен маалымат алмашууну жолго коюп, Латвияга сапар тартууну пландап жаткан жарандарды текшерүүнү күчөтүүгө үмүттөнөт.
Азырынча бул маселе Министрлер кабинетинин күн тартибине киргизиле элек, анткени коалиция боюнча өнөктөштөр аны кароону колдошкон жок. Бирок министрлик демилге өкмөттүн кийинки жыйынында талкууланат деп ишенет.
Буга чейин Литва Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Өзбекстандын жарандарынан жумушка орношуу жана өлкөгө кирүү үчүн арыздарын кабыл алууну убактылуу токтоткон.
Литванын Миграция департаментинин жетекчиси Индре Гаспере муну жумушка орношууга берилген арыздардын саны кескин көбөйүп кеткени менен түшүндүргөн.
Акыркы жылдары чет өлкөлөрдө өзбек жарандарынын катышуусундагы укук бузуулардын саны өскөнү байкалууда.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мекендештер чет өлкөлөрдө башка өзбекстандыктардан опузалап акча талап кылуу жана зомбулук көрсөтүү үчүн кылмыш топторуна кошулуп жатканына тынчсызданган.
Эң чоң резонанс жараткан учурлардын бири өткөн жылдын апрель айында Дубайда Өзбекстандын жарандарынын катышуусундагы калайман мушташтын кесепетинен эки адам каза тапканы болгон. Ушул жылдын январь айында БАЭ соту мушташтын сегиз катышуучусун өмүр бою эркинен ажыратып, дагы бирөөнү 25 жылга соттогон.
Өзбекстандыктардын укук бузууларынын көбөйүшүнөн улам БАЭ бийлиги визасыз кирүү шарттарын кайра карап чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги мындан кийин чет өлкөдө жүргөн жарандарды мыйзамдарды сактоого чакырган.