5-октябрда жаңы "Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Ага 5 миң милиция кызматкери тартыларын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.
Маалыматка ылайык, стадионго жакын аймактарда жеке автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Концертке келгендерди иш-чара өтүүчү жерге жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустар каттайт.
ИИМ жарандарды чектөөлөрдү эске алууга, милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарууга жана коомдук транспортту пайдаланууга чакырды.
Стадиондун ачылышына байланыштуу ири масштабдуу концерт болору, ага 50 миңден ашуун көрүүчү келери кабарланган. Буга байланыштуу президент Жапаровдун тескемеси менен 5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн режимде иштейт.
Мындай чаралар "Бишкек Арена" ачылган учурда коомдук тартипти камсыздап, борбор калаанын тургундары менен конокторунун коопсуз жана ыңгайлуу жүрүп-турушуна шарт түзүү максатында көрүлүп жатканы айтылган.
Стадиондун ачылышынан улам мамлекеттик мекемелерди, окуу жайларды жана мектептердин ишин онлайн форматка өткөрүү чечими коомчулукта нааразылык жараткан.
Иш башкармалыкка караштуу 51 миң орундуу "Бишкек Арена" стадионунун ачылышы 5-октябрда өтөт.
31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөн стадион Бишкектин четиндеги Орок айылында жайгашкан. Анын курулушуна президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда капсула салган. Президенттин маалымат катчысы курулушка 386 млн доллар кеткенин билдирген. (ZKo)