Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Молдова аба мейкиндиги бузулганына байланыштуу Орусия элчисине экинчи нотаны тапшырды

Дрон сыныктарынын кесепети. Крокмаз айылы, Молдова. 3-октябрь, 2026-жыл.
Дрон сыныктарынын кесепети. Крокмаз айылы, Молдова. 3-октябрь, 2026-жыл.

3-октябрдын таңында үч ракета жана эки учкучсуз учак Молдованын аба мейкиндигин бузуп кирген. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Анатолий Носатый жана президент Майя Санду билдиришти.

Башында Молдованын аба мейкиндигин көзөмөлдөө боюнча улуттук система эртең мененки саат 7:45тен 8:00гө чейин беш учкучсуз аппараттын өткөнүн каттаганы маалымдалган. Кийин Носатый алардын үчөө ракета, экөө дрон болгонун тактады.

Молдованын полициясы өлкөнүн төрт районунда жарылуулар болгонун жана дрондордун сыныктары табылганын билдирди. Алар Каушен шаарына жакын жерде, ошондой эле Каушен районундагы Константиновка айылына, Штефан-Водэ районундагы Крокмаз, Анений-Ной районундагы Пухачены жана Хынчешт районундагы Дубовка айылдарына жакын аймактардан табылган. Крокмаз айылында дрон жүзүмзарга кулап, анын кесепетинен кургак өсүмдүктөр күйгөн. Ошондой эле жакын жердеги үйдүн терезеси талкаланган. Каза болгондор жана жабыркагандар болгон эмес.

Молдованын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын өлкөдөгү элчисин чакырып, акыркы үч күн ичинде экинчи ирет каршылык нотасын тапшырды. Жалпысынан акыркы бир жумада Молдованын аба мейкиндиги ондон ашык жолу бузулган.

Буга чейин Орусиянын Молдовадагы өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Олег Озеров өлкөнүн аба мейкиндигин бузган дрондор орусиялык болушу мүмкүн экенин мойнуна алган.

"Ооба, бул дрондордун айрымдары орусиялык болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайбыз жана танбайбыз. Бул Украинанын логистикасына соккулардын күчөшүнө, ошондой эле Украинанын Орусиянын логистикасына чабуулдарына жооп катары болуп жатат. Бирок Молдова бута эмес экенин белгилеп кетүү керек", - деген ал.

Кийинчерээк дипломат бул сөздөрүнөн баш тарткан.

Орусиянын Украинага каршы согушу башталгандан бери Молдованын аймагынан болжол менен 90 орусиялык дрон жана ракета учуп өткөн.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG