3-октябрда Бишкекте Мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, анда "2026-жылдын мыкты мугалими" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Сынакта байгелүү орундарга ээ болгон 52 мугалимге 60 миң, 80 миң жана 100 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Мындан тышкары, эң жогорку жыйынтык көрсөткөн үч педагогго өзүнчө сыйлыктар берилди.
- №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулу «2026-жылдын мыкты мугалими» аталды. Ага Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасынын алкагында «Асман Резиденс» турак жай комплексинен батир жана тиричилик техникасын сатып алууга 500 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Экинчи орунду №118 мектептин тарых мугалими Жылдыз Белекова ээлеп, Chevrolet Tracker унаасына ээ болду.
№84 мектепте иштеген педагог Нургүл Карыбекова сынакта үчүнчү орунду алып, Chevrolet Cobalt унаасы менен сыйланды.
Билим берүү тармагынын башка кызматкерлерине да ардак грамоталар, дипломдор, төш белгилер жана сааттар тапшырылды. Иш-чарага чакырылган бардык педагогдорго аэрогриль белек кылынды.
Салтанатка Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Бишкектеги 122 муниципалдык мектеп, 129 бала бакчада жана кошумча билим берүү мекемелеринде мектептерде 12 миңден ашык педагог иштейт.
Акыркы үч жылда Бишкекте 26 жаңы мектеп жана окуу имараты курулуп, 144 билим берүү мекемеси оңдолгон. Ошондой эле 21 жаңы бала бакча ачылып, дагы эки бала бакчага кошумча имарат берилген.
Ошол эле учурда мугалимдердин жетишсиздиги, окуу китептеринин көйгөйлөрү чечилбей, айрым мектептерде балдар төрт нөөмөт менен окуп жатканы белгилүү. (ZKo)
Шерине