Аба ырайы: аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт

Бишкек шаары

Шашылыш билдирүү: 5-октябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт: жаан, тоолордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. 5-6-октябрда абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градустан -10 градус суук болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды багууну кыйындатат.

5-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 12…14° жылуу болот.

Дагы караңыз

Иркутскиде кара тумоо жөнүндөгү маалыматтар өчүрүлүп жатканы кабарланды"Франкель", "Пикассо". Миллионду баскан "Арашан" койлору"Бишкек Аренанын" ачылышында 5 миң милиция кызматкери тартипке көз салатЕвропа миллиардер Алишер Усмановду санкциядан кантип чийди?Орусияда кара тумоо тууралуу маалыматтан кийин Кыргызстан чек арада санитардык көзөмөлдү күчөттүТашиевдин тушунда мамлекетке өткөн мүлктөр кайда?