Спикер Маматалиев Лейлектеги авариялык абалдагы мектептерге барды

Авариялык абалдагы мектеп. Лейлек району. 3-октябрь, 2026-жыл.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Баткен облусунун Лейлек районундагы бир катар эски, авариялык абалдагы мектептерге барды. А.Бабаханов атындагы орто мектептин абалын көрүп чыккан төрага балдардын коопсуздугуна байланышкан көйгөйдү создуктурууга болбосун белгилеп, жаңы имарат куруу маселесин тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүү зарылдыгын айтты.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган мектептин негизги корпусу 1972-жылы курулган. Имарат учурда жараксыз абалда турганына карабай 564 окуучу эки нөөмөттө билим алууда. Буга байланыштуу 375 орундуу жаңы мектептин долбоордук-сметалык документтери даярдалган.

Эски мектеп. Лейлек району. 3-октябрь, 2026-жыл.

Марлен Маматалиев ошондой эле Эски-Оочу айылындагы А.Момунов атындагы 1996-жылы толук бүтпөгөн абалда пайдаланууга берилип, ошондон бери капиталдык оңдоо жүргүзүлбөй иштеп келе жаткан орто мектепте болду. Учурда мектепте 350 окуучу эки нөөмөттө билим алат. Ал эми жаңы мектеп куруу үчүн 1 гектар 73 сотых жер бөлүнгөн.

Окуу классы. Лейлек району.

Төрага мындан тышкары 1976-жылы курулуп, авариялык абалда деп табылганына карабай, учурда 312 бала окуп жаткан "Жеңиш" орто мектебинин жана 1965-жылы курулган "Балажан" балдар бакчасынын абалынан да кабар алды. "Жеңиш" орто мектеби 1976-жылы 120 орунга ылайыкталып курулган. Учурда анда 312 окуучу билим алат. Эски мектептин ордуна 375 орундуу жаңы мектеп салуу сунушталган. "Балажан" балдар бакчасынын имараты дагы авариялык абалда болгондуктан, жаңы бала бакча куруу зарылдыгы күч экени белгиленди.

Марлен Маматалиев мектептерди жана бала бакчалардын курулушун тез арада бүтүрүү сунушун берди.

Спикер Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты. Ошондой эле Кайрагач - Бешкент - Андархам, Жаштык - Борбордук - Арка жолдорунун акыбалын көрдү.

Агартуу министрлиги быйылкы жаңы окуу жылында республикалык бюджеттин эсебинен салынып жаткан 28 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилерин билдирген. Министрликтин маалыматына караганда, учурда өлкөдө 1,5 миллион окуучу 2374 мектепте окуйт. Эмгектенип жаткан мугалимдердин жалпы саны 97 миңдей.(ZKo)

Дагы караңыз

Иркутскиде кара тумоо жөнүндөгү маалыматтар өчүрүлүп жатканы кабарландыАба ырайы: аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт"Франкель", "Пикассо". Миллионду баскан "Арашан" койлору"Бишкек Аренанын" ачылышында 5 миң милиция кызматкери тартипке көз салатЕвропа миллиардер Алишер Усмановду санкциядан кантип чийди?Орусияда кара тумоо тууралуу маалыматтан кийин Кыргызстан чек арада санитардык көзөмөлдү күчөттү