Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Винера Раимбачаева президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.
58 жаштагы Винера Раимбачаева Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон.
Ал 1988-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда дарылоочу врач кесиби боюнча билим алган. 1994-1995-жылдары ушул эле окуу жайдын №2 акушерлик жана гинекологиялык кафедрасында интернатураны аяктаган.
1996-2021-жылдар аралыгында Сокулук районундагы аймактык ооруканада, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана башка медициналык мекемелерде иштеген. 2012-жылы Сокулук аймактык ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. (BTo)