Рубио АКШ Орусиядагы кара тумоо тууралуу маалыматтарга көз салып турганын билдирди

Марко Рубио. 5-октябрь, 2026-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 5-октябрдын кечинде Исландияга барып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо (чума) оорусуна шек жаралган учур жана Орусия-Украина согушу тууралуу комментарий берди.

Рубио жакында Британиядагы теракт даярдоого шектелип бир нече адам кармалган "Фэрфорд" авиабазасынан АКШнын бомбалоочу учактары чыгарылганы жөнүндөгү маалыматты ырастады. Бирок ал АКШнын бардык аскердик базалары коопсуз экенине ишенерин айтып, америкалык күчтөр бир базадан экинчисине үзгүлтүксүз которулуп турарын белгиледи.

Мамлекеттик катчы Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо оорусуна шек жаралган учур боюнча да суроого жооп берди. Рубионун айтымында, АКШ бийлиги бул окуяга көз салып турат, бирок азырынча жаңы маалымат жок. Мамкатчы оорунун жайылышына байланыштуу кооптонуу бар экенин жана ошондуктан карантиндик чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Рубионун айтуусунда "дүрбөлөңгө негиз жок", бирок кырдаалды тыкыр көзөмөлдөө зарыл. Мамкатчы Орусия менен АКШнын ортосунда түз каттамдардын жоктугу дароо пайда болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтарын белгиледи.

Орусиянын бийлиги Иркутскидеги Кара тумоого каршы илимий изилдөө институтунун 28 жаштагы кызматкери чындап эле кара тумоодон каза болгонун азырынча ырастай элек.

Ошондой эле Рубио АКШ Орусиянын соккуларына байланыштуу Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүгүн жабуу боюнча азырынча чечим кабыл ала электигин, бирок ошол эле учурда коопсуздукту үзгүлтүксүз баалап турганын кошумчалады.

Рубионун айтымында, Орусия бир нече айдан бери дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырып келет жана Москванын акыркы чакырыктарында жаңы эч нерсе жок.

Дагы караңыз

Президент Жапаров өлкөдөгү экономикалык өсүштүн Украинадагы согушка тиешеси жоктугун айттыАзиада - 2026: Кыргызстан күрөштөн алдыда, жалпы эсепте арттаЮта - Кыргызстан: АйТини өнүктүрүү, тоо туризми, көкбөрүнүн кызыгы"Падыша кетсин!" Москвадагы Путинге каршы митингМурдагы министр Нурлан Сулайманов кармалды | Жаңылыктар | 05.10.2026Тарыхый эс тутумга салым кошкон үч инсанга "Эсимде" сыйлыгы ыйгарылды