Moody’s Кыргызстандын насыя рейтингин "туруктуу" деп баалады

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети эл аралык Moody’s агенттиги Кыргызстандын насыялык рейтингин B3төн B2ге жогорулатканын билдирди.

Кыргыз өкмөтү Moody’s агенттигинин “туруктуу” деген баасы менен B2 рейтинги Кыргызстандын эл аралык финансы рынокторундагы позициясын бекемдеп, инвесторлордун ишенимин арттырарын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин эл аралык кредиттик рейтингдер боюнча расмий консультанты болуп Oppenheimer Europe (Оппенгеймер Европа) инвестициялык банкы иштейт.

Өлкөнүн рейтинги канчалык жогору болсо, ага ишеним ошончо чоң болот. Дүйнөдөгү эң абройлуу деп эсептелген насыялык агенттиктер - Moody’s, Fitch жана Standard & Poor's компаниялары.

Бул агенттиктердин рейтинги инвесторлор үчүн да баалуу маалымат болуп эсептелет. Андан тышкары карыз алууда пайыздык чендерге таасир берет. (BTo)

Дагы караңыз

"Учкун" басмаканасынын директору Бакытбек Султанов кызматтан алындыЖапырт кармалган саясатчылардын сотуна Кадырбек Атамбаев да алынып келдиРубио АКШ Орусиядагы кара тумоо тууралуу маалыматтарга көз салып турганын билдирдиПрезидент Жапаров өлкөдөгү экономикалык өсүштүн Украинадагы согушка тиешеси жоктугун айттыТарыхый эс тутумга салым кошкон үч инсанга "Эсимде" сыйлыгы ыйгарылдыКаракалпак активисти абактагы кыйноого арызданып БУУга кайрылды