Борбор Азия өлкөлөрүндө көз карандысыз уюмдарга, журналисттерге жана активисттерге басым күчөп, бийликти сындагандарды куугунтуктоо интернетке да жайылууда. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ушул айда Варшавада өтчү конференциясына даярдалган укук коргоочулардын биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.
Документке Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк, Казакстандын Адам укуктары жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча эл аралык бюросу, Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясы жана Түркмөнстандын адам укуктары демилгеси кол койгон.
«Борбор Азияда жарандык эркиндиктерге олуттуу басым жасалууда. Беш өлкөдөгү репрессиянын масштабы жана мүнөзү айырмаланганы менен соңку бир жылдагы окуялар аймактагы кооптуу тенденциялар күчөгөнүн көрсөтүп турат», — деп айтылат билдирүүдө.
Укук коргоочулар белгилегендей, Казакстанда чет өлкөдөн каржы алгандардын отчет берүү талаптары күчөтүлгөн. Тажикстанда 2025-жылы 80ден ашуун бейөкмөт уюм ишин токтоткон. Билдирүүнүн авторлору муну басымга жана каржылык кыйынчылыктарга байланыштырып жатышат.
Укук коргоочулар коңшу мамлекеттердин таасирин сындагандарды куугунтуктоону да кооптуу тенденциялардын бири катары белгилешкен. Кыргызстанда активист Мавлян Аскарбеков кытайлык жумушчулар тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин соттолгон. Казакстанда Шинжаңдагы этникалык казактардын куугунтукталышына каршы чыккан «Атажурттун» 19 активистине кылмыш иши Кытайдын дипломатиялык нотасынан кийин козголгон. Ал нотада нааразылык акциясына байланыштуу чара көрүү талабы коюлган.
Авторлор адамдарды психиатриялык мекемелерге мажбурлап жаткырууну кыянаттык деп мүнөздөп, тынчсыздануусун билдиришкен. Алар казакстандык дин кызматкери Иаков Воронцовдун жана өзбекстандык укук коргоочу Шохида Саломованын иштерин мисал келтиришкен. Воронцов тергөө учурунда психиатриялык мекемеде эки ай жаткан.
Саломова болсо жогорку кызматтагы аткаминер тууралуу жазган комментарийлеринен улам жалаа жабуу боюнча иш козголгондон кийин мындай мекемеде үч жарым жылдан ашуун убакыттан бери кармалууда.
Билдирүүдө Казакстанда жана Өзбекстанга караштуу Каракалпакстан жумуриятында 2022-жылы, ошондой эле Тажикстандын Тоолуу Бадакшан автоном облусунда 2021–2022-жылдары нааразылык акцияларын басуу учурундагы укук бузуулар үчүн күнөөлүүлөр дагы эле жоопко тартылбаганы белгиленет. Уюмдар көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.
Укук коргоочулар бийликтерди укуктарды чектеген мыйзамдарды кайра карап чыгууга, тынч жарандык ишмердик үчүн куугунтуктоону токтотууга жана өз укуктарын пайдаланганы үчүн камалгандарды бошотууга чакырышты. Эл аралык өнөктөштөрдү болсо конкреттүү оң өзгөрүүлөргө жетишүүгө жана аймактагы өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негизги эркиндиктерди курмандыкка чалбоого үндөштү.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дээрлик ар бир маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, саясатчыларга басым-кысым жоктугун кайталап айтып келет.