Министрлер кабинети эл аралык Moody’s агенттиги Кыргызстандын насыялык рейтингин B3төн B2ге жогорулатканын билдирди.
Кыргыз өкмөтү Moody’s агенттигинин “туруктуу” деген баасы менен B2 рейтинги Кыргызстандын эл аралык финансы рынокторундагы позициясын бекемдеп, инвесторлордун ишенимин арттырарын кошумчалады.
Министрлер кабинетинин эл аралык кредиттик рейтингдер боюнча расмий консультанты болуп Oppenheimer Europe (Оппенгеймер Европа) инвестициялык банкы иштейт.
Өлкөнүн рейтинги канчалык жогору болсо, ага ишеним ошончо чоң болот. Дүйнөдөгү эң абройлуу деп эсептелген насыялык агенттиктер - Moody’s, Fitch жана Standard & Poor's компаниялары.
Бул агенттиктердин рейтинги инвесторлор үчүн да баалуу маалымат болуп эсептелет. Андан тышкары карыз алууда пайыздык чендерге таасир берет. (BTo)
Шерине