Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов кармалып, 3-декабрга чейин камалды

Нурлан Сулайманов.
Нурлан Сулайманов.

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

Маалыматка ылайык, мурдагы министрди Ички иштер министрлиги (ИИМ) 3-октябрда кармаган.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2026-жылдын 5-октябрындагы токтому менен тергөөчүнүн С.Н.Ч.га карата 2026-жылдын 3-декабрына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандоо жөнүндө өтүнүчү канааттандырылды", - деп маалымдады райондук сот.

Буга чейин анын кармалганын милициядагы булактар "Азаттыкка" билдиришкен. ИИМ расмий маалымат бере элек. Мурдагы министрдин кайсы иш менен кармалганы азырынча белгисиз.

Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Анда ал азыркы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен чогуу Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты болчу. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айып коюлган.

Нурлан Сулайманов депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу 2014-жылы издөө жарыяланган. Башкы прокуратура 2018-жылы ал издөөдө болгондуктан, кылмыш иши убактылуу токтотулганын билдирип, кармалса камакка алынарын, иши сотко өтөрүн билдирген.

2020-жылы парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши 2016-жылы эле токтотулганы ачыкка чыккан. Бишкек шаардык соту “жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти” деген негизде ал кылмыш жообунан бошотулганын маалымдаган.

Акыркы жылдары Сулаймановдун ысымы өлкөнүн түштүк аймагында курулган автожолдорго байланыштуу аталып, Камчыбек Ташиев кызматта турганда аны жандап жүргөн сүрөт-видеолору тараган.

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетин жетектеп турганда Нурлан Сулайманов өкмөттөгү жыйындарга да катышканы белгилүү болгон. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG