Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Жол тармагы, Нурлан Сулаймановдун карааны


Нурлан Сулайманов.
Нурлан Сулайманов.

Жогорку Кеңеште мурдагы транспорт министри жол тармагына тымызын аралашып, кийлигишип жатканы айтылды. Парламентте анын аты ачык аталган жок, бирок акыркы күндөрү экс-министр Нурлан Сулайманов жана анын таасири тууралуу сөз көбөйгөн эле.

Убагында кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн Сулайманов мындан он күндөй мурда экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровду Ошто коштоп жүргөнү дагы талкуу жараткан.

Парламентте жол тармагына мурдагы министрлердин бири кийлигишип жатканын вице-спикер, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев айтып чыкты. Ал 28-июлдагы сессияда транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Кайынбаевден түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгалдагы "Эпкин - Баш-Кууганды" жол тилкесинин курулушу тууралуу сурады. Тендердин создугуп жатканына мурдагы транспорт министри себепкер деп билдирди.

"Силер банкка көз каранды эмессиңер, силер мурда иштеп кеткен экс-министрге көз карандысыңар. Ошолор министрликке кийлигишип жатабы? Алар качан кийлигишпей калганда анан оңолосуңар. Аны баары жакшы билет, атын-фамилиясын айтпай эле коеюн, баары билет. Ким кийлигишип жатканын жакшы билем", - деди Сыдыгалиев.


Кайынбаев бул сөздү четке какты. Соңку күндөрү жол тармагына байланыштуу мурдагы транспорт министри, экс-депутат Нурлан Сулаймановдун аты байма-бай атала баштаган эле. "Фабула" сайтынын башкы редактору Алмаз Темирбек ал таасирлүү адамга айланганы тууралуу парламенттеги булактарына таянып "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

"Анын "серый кардинал" болуп алганы тууралуу ошол эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир тобу сөз кылып жатканын уктум. Транспорт министрлигинин маңдайына кеңсе ачып, көбү транспорт жагдайына байланышкан маселелерди чечүү боюнча "Нурлан Сулаймановго кирет экен" деген сөздөр буга чейин дагы айтылып келе жаткан. Муну Жогорку Кеңештин депутаттары дагы кеп кылып жаткан. Алар атын атагандан чочулап жатышабы же башка бир себептери барбы, аны так айта албайм. Убагында анын жардамчылары болуп жүргөн адамдар министр, министрдин орун басары болуп отурат. Өткөндө экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Ошко барганда шаардын мэри, Нурлан Сулайманов болуп жол маселелерин көрсөтүп жүргөнү көп кишиге табышмак, таң каларлык окуя болду. Андан транспорт министри же бул мекеменин кызматкерлери эмес, мурдагы министрдин бийликтин өкүлүн - Акылбек Жапаровду ээрчип, жол маселелерин көрсөтүп жүргөнү көп кишиге бүдөмүк бойдон калды".

"Азаттык" транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева жана анын орун басарларынан буга байланыштуу комментарий ала алган жок. Мекеменин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов Сулаймановдун аралашып жатканын жокко чыгарды.

"Анын аты көп эле жерде аталып атат. "Таасир этип жатат", ал-бул деген сөздөр туура эмес. Кеткен киши кетти, анын бизге тиешеси жок. Орун басарлары аны менен чогуу иштешкен балдар. Ылдый жактан көтөрүлгөн балдар. Нурлан Сулайманов менен баары эле иштеген да. Алар бир системада иштей беришет да. Эмнеге аларды Сулайманов менен байланыштырып жатышат? Алардын эч кандай тиешеси жок".


Бул макала жазылып жаткан чакта Акылбек Жапаров менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев менен байланышып, мындан он күндөй мурда аларды Нурлан Сулайманов эмнеге коштоп жүргөнү тууралуу түшүндүрмө ала албадык.

Журналист Курманбек Рыспаев Нурлан Сулайманов Транспорт министрлигин жетектеп турганда бул мекемеде маалымат катчы болуп иштеген. Ал Нурлан Сулаймановду иш билги, кесипкөй адис катары мүнөздөдү.

"Бул киши уктабай, күнү-түнү иштечү да. Аппарат дагы ошондой иштечү. Жолдун кайсы кычыгында кандай кемчилик бар экенин күнүнө көрүп турчу. Кайсы жерде эмне жетишпей жатса керектүү техниканы, алтургай республиканын бир бурчунан экинчи бурчуна алып келүүнү уюштура алчу. Көчкү жүргөн учурда техниканы Оштон Чычканга чейин алып келип, жолду ачкан учурлар болгон. Анан өзү дайыма машине менен жүрчү, учакка шашканда гана түшчү. Машине менен жолду кыдырып жүрүп отурчу. Ошого жараша чечим кабыл алчу. Кадрларга ошого жараша мамилеси бар болчу. Жакшы иштеген кадрларды дайыма өзүнө жакындатып, жакшы кызматтарга койчу. Иштеген ишине карап баа берип, кээ бирин ошол жерден дайындап кете берчү. Бул кишилердин иш тажрыйбасын сөзсүз колдонуш керек. Азыркы министр бул тармакка кийинчерээк келди. Ал Транспорт башкармалыгында иштеген. Кийин өкмөттө иштеп жүрдү. Ал Сулаймановдун деле кадры эмес. Кайынбаевдер (транспорт жана коммуникация министринин орун басары - ред.) мурун эле ошол жакта иштечү. Алар долбоорлорду, стратегияны жазган балдар болчу. Абдан билимдүү кадрлар. Ал учурда иштегендердин баары эле Сулаймановдун кадрлары болуп калат да. Кийинки министрлердин тушунда деле ошолор иштеген. Аларды эми Сулаймановдун кадрлары деп бөлүп караган бир аз ыңгайсызыраак. Сулаймановго карата кылмыш ишинин бир аз саясий жагы бар болуп калган".


Башкы прокуратура Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Анда ал Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен чогуу Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты болчу. Сулаймановго Жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча айып коюлган.

Сулайманов депутаттык мандатын таштап, өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу 2014-жылы издөө жарыяланган. Башкы прокуратура 2018-жылы Сулайманов издөөдө болгондуктан, кылмыш иши убактылуу токтотулганын билдирип, кармалса камакка алынарын, иши сотко өтөрүн билдирген.

Былтыр парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши 2016-жылы эле токтотулганы ачыкка чыккан. Бишкек шаардык соту "жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти" деген негизде кылмыш жообунан бошотулганын маалымдаган.

Соңку парламенттик шайлоого Сулайманов "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышкан. Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жол тендерлерине байланыштуу чуулгандуу иштерде аттары аталган Сулайманов баштаган мурдагы төрт министрдин шайлоого баратканына тынчсыздануусун билдирген.


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Нурлан Сулаймановдун мисалында укук коргоо, сот тармагындагы кош стандарттуулук тууралуу кеп салды.

"Быйыл үчүнчү жылга кетип жатат, саясий иш менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан, саясий куугунтуктагы адаммын. Тилекке каршы, менин сотум бир карыш дагы жылган жок. Бирок кээ бир адамдардын иши жабык бүтүп, эркиндикте жүрөт. Керек болсо Сулаймановго окшоп эркиндикте, ачык-айкын мамлекеттик башкарууга чейин аралашып жатышат. Эмнегедир сот, укук коргоо органдары кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат. Кээ бирлери үчүн бардык маселе чечилди, ал эми мага окшогон кээ бир "жагымсыз", маселе жаратат деген адамдар үчүн сот, укук коргоо органдары басымын, көзөмөлүн улантып жатат".

Нурлан Сулайманов өзүнө козголгон кылмыш иши, соңку дооматтар тууралуу үн ката элек. Ал 2010-жылдан бери такыр маек берген эмес.

Ош шаардык кеңешке соңку шайлоодо анын уулу Элдар Сулайманов "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы менен катышып, депутаттык мандат алары белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG