Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

Ош - Эркеч-Там жолунан акча желгени аныкталды


Ош -Эркеч-Там жолунун Сопу-Коргон айылындагы бөлүгү. Алай району, 28-май, 2014.
Ош -Эркеч-Там жолунун Сопу-Коргон айылындагы бөлүгү. Алай району, 28-май, 2014.

Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолун оңдооодогу каржылык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 28-майда коррупциялык схемалардан айынан жол оңдоодо жарым миллиондой доллар желип кеткенин билдирди. Транспорт жана коммуникация министрлиги болсо мындай доомат негизсиз экенин айтып чыкты. Адистер жол курууда эсеби жок иштердин көптүгүнөн акчаларды кымырып алуу өнөкөткө айланып калганын белгилешет.

Жарым миллион долларды жеп коюшканбы?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолун оңдоодогу каржылык мыйзам бузууларды мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде таап чыкты.

Аталган мекеменеин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул факт боюнча “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган”, “убактылуу берилген мүлктү ыйгарып алган же коромжуга учураткан” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат:

- Текшерүү иштеринин жыйынтыгында, 506 миң, 771 миң доллар суммасындагы каражат сол чөнтөккө кеткени такталган. Ошондо жарым миллиндон көбүрөөк доллар жасалма жол менен желип кеткени аныкталды.

Транспорт жана коммуникация министрлиги болсо мындай дооматты четке кагууда. Аталган министрликтин алдындагы Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жетекчиси Нурбек Жумалиев текшерүү үстүртөн жүргөнүн, документтердин баары эске алынбаганын айтууда:

- УКМК аудит дайындап текшерген. Текшерүү жүрүп жатканда биздин жүйөлөрдү укпай, өздөрүнүн эле эсеп-кысабын кылып, ушундай болду деп койду. Биз документ бердик. Ошолордун кээ бирлерин толук изилдеген жок. Мындайча айтканда үстүртөн эсептелип калды. Биз азыр анализ жүргүзүп жатабыз. Биздеги материалдардын баарын “кечирип койгула, силер ушундай материалдарды карабай калдыңар”, деп беребиз. Анткени жол курулуп жатканда кээ бир жерлерине, мисалы бурулуштарда көбүрөөк каражат кеткендиги эсепке алынбай калып жатат.

Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолун оңдоо 2007-жылы башталып, 2011-жылы бүткөрүлгөн. Жалпысынан 45 чакырымдай жол оңдолуп, ага 15 миллион доллардан ашык каражат сарпталган. Акча насыя катары Азия өнүктүрүү банкынан, Ислам өнүктүрүү банкынан, Кытайдын "Эксимбанкы" менен мамлекеттик банкынан алынган болчу.

Жолдон акча кымыргандарды жоопко тартуу кыйынбы?

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү Нарынбек Молдобаев соңку учурда жол куруунун баасы кескин өсүп кеткенин, андагы эсеби жок иштердин көптүгүнөн каражатты кымырып алуу өнөкөтү союздун тушунда эле болгондугун кеп кылды:

- Мурун, Нурлан Сулайманов министр болуп турган чакта бир чакырым жол курууга 300 миң доллар каражат кетчү. Кийин баасы эки эсе өсө баштады. Бир маалда эле 700 миң доллар, андан кийин 800 миң, андан соң бир чакырым жол куруу 1 миллион долларга чыкты. Эми бүгүнкү күндө эки миллиондон ашып жатат. Себебин мазуттун, битумдун кымбатташы менен түшүндүрүшөт. Жол куруу деген дарыкана куруу эмес экен да. Союздун тушунда эле жол курганда мынча топруакты бул жерден тигил жерге жеткиргенбиз дешчү. Чындап эле ошончо топурак жеткирилгенби же жокпу эч ким өлчөй албайт.


Молдобаев жолдун баары четтен келген насыяга курулуп, оңдолуп, кайтарып берилчү каражатты кымырып алуу токтобой жатканын белгиледи:

- Жолду өзүбүздүн акчабызга курсак бир жөн. Биз келечектеги муундан карыз сурап, жалаң насыянын эсебинен куруп жатабыз. Биз болочок муунга жакшы нерсе калтырбай жалаң насыяны калтырып коюп жатабыз. Жолду жөн курбастан бир топ коррупциялык схемалар болуп жатат. Бекеринен мурунку министр Сулаймановго каршы эки-үч кылмыш иш козголгон жок да. Кайра-кайра эле чыгып жатат. Көп кылыктары эми билинип жатат. Мисалы асфальттын калыңдыгы 12 сантиметр болушу керек болсо, булар чекесин 8 сантиметр эле кылып коюшат экен. Аны киши деле текшере албайт экен. Муну эсептей келгенде бир топ эле акча болуп калат. Эми булар биргелешип жеп атышабы, же башында “шапкесин” алып коюшабы, иши кылып түшүнүксүз маселелер бар. Ким барып текшерсе деле баары жакшы деп келет, же алардын оозун майлап кетирип жатышабы, ким билет?

Жол курууда жана оңдоодо акча желген фактылар буга чейин деле катталган болчу. Эсеп палатасы 2011-жылы Бишкек - Нарын - Торугарт жолун оңдоо долбооруна 8,5 миллион доллар ашыкча жазылып, андан сырткары 46 миллион сомдон ашык каражат туура эмес жумшалганын жарыялаган. Бул акча да насыя катары алынган эле. Бул факт боюнча эч ким жоопко тартылган эмес.
XS
SM
MD
LG