Бинардык опциондорду жарнамалоого жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды

Оштогу электрондук лотерея ойноткон жайлардын бири (архив)

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова бинардык опциондорду жарнамалаган коомдук ишмерлер, ырчылар менен артисттердин да жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады.

Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин 6-октябрдагы жыйынында оюн-зоок жана лотерея ишмердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жаткан кезде айтты.

"Мыйзам долбоорунда бинардык опциондорду жарнамалаган блогерлердин жазасы күчөтүлөрү жазылып турат. Бирок мындай жарнамага блогерлер эле эмес, коомдук ишмерлер жана артисттер да катышып жатышат. Алардын да жоопкерчилигин мыйзамга киргизүү керек", - деди Бурул Аманова.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова мыйзам долбооруна ылайык, бир гана блогерлерге эмес, мындай жарнаманы жалпыга маалымдоо каражаттарында жана бардык адамдарга социалдык тармактарда таратууга тыюу салынарын түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети жыйынтыгында оюн-зоок жана лотерея ишмердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алды.

Министрлер кабинети бинардык опциондорго, ошондой эле мындай ишмердикти жарнамалоого жана илгерилетүүгө тыюу салууну сунуштап жатат. Ошондой эле тиешелүү интернет-ресурстарды жана бинардык опциондорго байланыштуу операцияларды бөгөттөө, мыйзамсыз лотереяларды жана кумар оюндарын уюштургандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда.

Экономика жана коммерция министрлиги буга чейин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүү сунушун коомдук талкууга чыгарган.

Анда интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз каражатынан ажырап калышына, шылуундуктун түрлөрүнүн көбөйүшүнө, социалдык көз карандылыкка, кылмыштуу жол менен тапкан каражаттарды адалдоого шарт түзөрү белгиленген. Мындан тышкары бул багытта мыйзамдуу иш алып барган лотерея ишмердигине ишенимди кетире турганы, көмүскө иш алып барганы үчүн салыктык төлөмдөр төлөнбөй калары көрсөтүлгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

Запорожье: Орусия Днепр аркылуу өткөн көпүрөгө сокку урду Саясатчылардын соту: Султанбековго тогуз, Атамбаевге жети жарым жыл суралды "Учкун" басмаканасынын директору Бакытбек Султанов кызматтан алындыБолгариянын жээктеринде эки соода кемеси дрон соккусуна кабылды "Кыргызстандык үч жаран жараат алды". Түштүк Кореядагы калайман мушташБүгүн Кыргызстанда алты жаңы мектептин ачылышы болду