Махабат Тажибек кызынын сотунда көз карандысыз эксперт суралды

Махабат Тажибек кызы.

6-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда журналисттик иликтөө менен алектенген Махабат Тажибек кызынын иши боюнча соттук отурум уланды.

Бул жолку соттук жараянда Кыргызстанда экстремисттик деп табылган Temirov live баракчасына чыккан эки видеого соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн Соттук-экспертиза палатасынын эксперти жана филология илимдеринин доктору суралды.

Көз карандысыз эксперт “эки видеодо тең масссалык башаламандыктарга чакырык болгон эмес” деген корутунду чыгарганын айтты.

“Изилдөөгө “Көлбаев үчүн Ниязбеков Ташиевден өч алабы?” жана “Эки досту саясий өлүккө айландырган эскилер” деген эки видео келген. Ага анализ жасап, композициялык түзүлүшүнө, концептуалдык маанисине, ички жана тышкы формасына көңүл бурулган. Биринчиси коомдук-саясий окуяларга байланыштуу божомол, шектенүү жана терс баалоочу сөздөр колдонулган. “Төңкөрүштү жасап жатабы?” деген тилдик бирдиктер колдонулган. Бирок, анда кандайдыр бир аракетке үндөгөн, зомбулук, талкалоого чакырыктар болгон эмес. Экинчи видеодо бийликке сын айтылган. Мыйзамдуулукту талап кылуу жана эркиндикти колдоо идеясы болгон. Муну бийликти басып алуу, башаламандык уюштуруу, төңкөрүш жасоого чакырык деп айтуу мүмкүн эмес”, - деди эксперт.

Ишти карап жаткан судья Темирбек Маматов “эксперттер ар кандай корутунду чыгарып жатканын, лингвистикалык экспертиза жүргүзүүдө кандайдыр бир методика барбы?” деген суроо берди.

Эксперт-лингвист бирдиктүү методика бар экенин, бирок ар бир эксперт өз тажрыйбасына таянып корутунду чыгарарын, башка эксперттердин корутундусуна сын айта албай турганын жана аларга рецензия жазса болорун билдирди.

Сотко андан тышкары журналистке айыптоо корутундусун чыгарган мамлекеттик эксперттер чакырылган. Бирок алар үчүнчү ирет келбегендиктен судья Темирбек Маматов мамлекеттик айыптоочуга тескеме берип, алардын кийинки отурумга келүүсүн камсыздоо керектигин айтты. Кийинки жараян 20-октябрга белгиленди.

Бишкектин Ленин райондук соту 23-мартта Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарган. Журналист ага чейин Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар түзөтүү мекемесинде кармалып турган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Кыргызстанда экстремисттик деп табылган Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече кишини, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

БУУ тобунун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 10-мартта журналистке чыккан сот өкүмдөрүнүн баарын жокко чыгарып, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Ленин райондук сотуна жиберген.

Тemirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти, активистти жана кызматкерди Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.

Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан. (KS)

Дагы караңыз

Бинардык опциондорду жарнамалоого жоопкерчиликти күчөтүү сунушталдыЗапорожье: Орусия Днепр аркылуу өткөн көпүрөгө сокку урду "Учкун" басмаканасынын директору Бакытбек Султанов кызматтан алындыБолгариянын жээктеринде эки соода кемеси дрон соккусуна кабылды ЕККУнун конференциясын утурлай укук коргоочулар Борбор Азияда репрессия күчөгөнүн билдириштиТүштүк Кореяда жапырт мушташтан бир нече кыргызстандык жараат алганы маалым болду