"Асман эйрдин" авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5,8 млрд сомдон ашуун каражат бөлүндү

Кыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 7-октябрда Жарандык авиация күнүнө арналган иш-чаранын алкагында “Манас” эл аралык аэропортунда түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышкандан кийинки сөзүндө айтты.

Өкмөт башчы 2026-жыл кыргыз авиациясы үчүн өзгөчө жыл болгонун, Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылганын белгиледи.

“Биз аэропортторду жаңылоо менен Кыргызстандын авиациялык системасын жаңылап жатабыз. “Манас” эл аралык аэропортунда аэродромдун элементтери жаңыланып, жарык берүүчү система модернизацияланды. “Манас-2” аэробекет комплекси толугу менен реконструкцияланды. Биздин авиапарк да жаңыланууда. Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Биз улуттук авиакомпаниябыздын атаандаштыкка жөндөмдүү болушун каалайбыз. Бул тапта мамлекет Airbus 321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алат. Максат – кыргыз авиакомпаниялары дүйнөнүн алдыңкы багыттарына коопсуз, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кызмат көрсөтө ала турган деңгээлге жетүү”, - деди Адылбек Касымалиев.

Өкмөт башчы ошондой эле, аймактардагы аэропорттор жаңыланып, кеңейтилип, кайрадан ишке берилип жатканын да кошумчалады.

“Эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирген кыргызстандык авиакомпаниялар быйыл июнь айынын башында тизмеден чыгарылган.

Asman Airlines ("Асман аба жолдору") мамлекеттик авиакомпаниясы 2024-жылы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштаган. Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылган.
“Манас” аба майданы Asman Airlines деген туунду компания түзүп, ага эки учак сатып алган. Акциясы толугу менен мамлекетке таандык бул ишканага Кыргызстан сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар берилерин "Манас" эл аралык аэропорту башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов буга чейин журналисттерге билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Эрулан Көкүлов депутаттардын көбү ЖКга акча, тааныш менен келгенин айттыНарын шаары менен Кочкор районунда 433 ипотекалык батир берилдиЖК кийинки аптада кымбатчылык, Бишкектеги ыш маселесин талкуулайтБыйыл 9 айда бюджеттин кирешеси 608 млрд сомду түздүЧыныгы өнүгүүнүн ачкычы: Борбор Азия инновацияларга даярбы?