Жапаров Борбор Азия менен Азербайжандын жалпы электрондук соода аянтчасын түзүүнү сунуштады

Садыр Жапаров. Түркмөнстан. 8-октябрь, 2026-жыл.

Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда аймакта экономикалык кызматташтыкты күчөтүү үчүн өнөр жай кооперациясын өнүктүрүп, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү жана логистика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Кыргызстандын мамлекет башчысы бул тууралуу 8-октябрда Түркмөнстандын "Аваза" комплексинде өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле Борбор Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүү демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, электрондук сооданы өнүктүрүү товар жеткирүү, кампада сактоо, бажылык тариздөө жана көзөмөлдөө системаларын камтыган логистикалык инфратүзүм менен коштолушу зарылдыгын белгиледи.

Президент мындан тышкары транспорттук байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу аймак өлкөлөрүнүн эл аралык транспорттук жана өндүрүштүк байланыштарга кошулуусуна кошумча мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.

Садыр Жапаров сөзүндө мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо, ошондой эле Борбор Азия менен Азербайжандын жалпы туристтик мейкиндигин түзүү зарылдыгына токтолду.

Президент Кыргызстандын аймактагы добушу экономикалык өсүшкө жана элдердин бакубаттуулугуна багытталган өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров 8-октябрда иш сапар менен Түркмөнстанга барды. Ал жогоруда аталган жыйынга катышары, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү кабарланган. (ZKo)

Дагы караңыз

"Яндекстин" Рязандагы дата-борборуна, Башкырстандагы мунай заводуна дрондор менен сокку урулдуСот Темирлан Султанбековду жети жыл, Кадырбек Атамбаевди төрт жылга эркинен ажыратты Спикер Маматалиев кимди коркутту? | Жаңылыктар | 07.10.2026 Ташиев Акунбеков "жер семирткичти коммерциялык баада сатып жүргөнү тергөөдө аныкталганын" билдирдиКыргызстандын USDKG мамлекеттик криптовалютасы жоюлду