Орусиянын үч аймагында дрон чабуулунан каза болгондор жана жараат алгандар бар

Украин дрону. Иллюстрация.

Орусиянын бир катар аймактары 9-октябрга караган түнү дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.

Калуга облусунун губернатору Владислав Шапшанын маалыматына караганда, абадан коргонуу күчтөрү облустун аймагында 26 учкучсуз аппаратты атып түшүргөн. Чабуулдан тогуз киши жараат алып, алардын бешөө ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын абалы туруктуу экени айтылды.

Шапша ошондой эле шаардык инфраструктура объектилери жана турак жайлар жабыркаганын билдирди.

Белгород облусундагы аткылоодон эки адам каза болду. Облустук ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Разумное конушунда снаряд жер тамга тийип, жубайлар мерт кеткен.

Мындан тышкары төрт адам, анын ичинде 10 жаштагы бала жараат алган. Кол салуудан бир турак үй толугу менен кыйрап, коңшу үй да жабыркаган.

Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь түн ичинде аймактын үстүнөн 20га жакын дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, аба чабуулу облустун сегиз районунда кайтарылган.

Окуялардын кесепети жана келтирилген чыгымдын көлөмү такталып жатканы кабарланды.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына беш жылга чукулдады. Соңку жылдары украин аскерлери да чабуулдарын күчөтүп, Киев муну "согуш эмне экенин Орусия өзү да сезиши керек, антпесе токтобойт" деп негиздөөдө.

Дагы караңыз

Сулайман Кайыпов: Түрк тилдүү этностордо эгоизм күчтүүУКМК Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкери кармалганын билдирди Жапаров Кыргызстан Азербайжандан күйүүчү май сатып алууга даяр экенин айттыАдабият боюнча Нобел сыйлыгы канадалык акын Энн Карсонго ыйгарылды