АКШ Орусиянын дизелин импорттоого уруксат берди

АКШнын жана Орусиянын мамлекеттик туулары. Иллюстрация.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен “абдан ийгиликтүү” сүйлөшүү болгонун, натыйжада Орусиянын дизелдик отунун дүйнөлүк рынокко жеткирилишин камсыздоо тууралуу макулдашуу болгонун 9-октябрда билдирди. Андан көп өтпөй АКШнын Каржы министрлиги буга чейин санкцияларга байланыштуу тыюу салынган операцияларга уруксат берген убактылуу лицензияны жарыялады.

Бул документке ылайык, Орусиянын дизелдик отунун сатууга, жеткирүүгө, жүктөп түшүрүүгө жана импорттоого уруксат берилет. Лицензиянын мөөнөтү 2027-жылдын 7-апрелине чейин деп көрсөтүлгөн.

Трамптын айтымында, Путин жакын арада дүйнөлүк рынокко 300 миң тоннадан ашык дизелдик отун жеткирүүгө макул болду. Ноябрда дагы 500 миң тонна, андан кийин 1 млн тонна жана кошумча 3 млн тоннага чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканы айтылды. АКШ президенти бул чара дүйнөлүк рыноктогу дизелдин баасын төмөндөтүүгө жардам берет деп эсептейт.

Кремль мунай продукциясын дүйнөлүк рынокко жеткирүүгө даяр экенин билдирип, бул кадам дүйнөлүк экономикага оң таасир тийгизерин белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтондун чечимин сынга алды. Ал Орусияга карата санкциялык басымдын алсырашын согушту улантууга шарт түзгөн кадам катары баалап, мындай чечимдер Москванын аракеттерин күчөтүшү мүмкүн экенин билдирди.

Ошол эле күнү АКШнын Майами шаарында Украина, АКШ жана бир катар европалык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүлөр өттү. Анда Украинадагы согушту жөнгө салуу, энергетикалык коопсуздук, кышка даярдык жана согуштан кийинки калыбына келтирүү маселелери талкууланганы кабарланды. Дизелдик отун боюнча келишим бул жолугушууда каралган-каралбаганы айтылган жок.

Дагы караңыз

Кыргызстан күз-кыш мезгилине 4,1 млрд кВт/с электр жарыгын импорттойт Адылбек Касымалиев балыктын жеми боюнча талашка комментарий бердиСоцинтерн уюму Султанбековго, Атамбаевге чыккан сот өкүмүн сындадыБажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери алмашты