АКШнын Майами шаарында Украина, АКШ жана Европа Биримдигинин өкүлдөрүнүн 9-10-октябрга пландалган сүйлөшүүсү эрте аяктады. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Алекс Рауфоглу өз булактарына таянып билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү болбойт. Башында отурум эки күнгө созулат деп айтылган.
9-октябрдагы алты саатка созулган жолугушууга АКШ президентинин чабармандары Стив Уиткофф, Жаред Кушнер, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү катышты. Ошондой эле Германиянын, Франциянын жана Улуу Британиянын коопсуздук боюнча кеңешчилери чакырылган. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен НАТОнун баш катчысы Марк Рютте өз аппарат жетекчилерин жөнөткөнү кабарланды.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Стив Уиткофф жолугушууну «конструктивдүү» деп атап, анда Украинадагы согушту токтотуунун жана чыңалууну азайтуунун мүмкүн болгон жолдору талкууланганын билдирген.
Ошол эле күнү АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, орус дизелдик отунун дүйнөлүк рынокко жеткирүү боюнча макулдашуу жетишилгенин жарыялаган. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чечимди сынга алып, аны «согушка салынган инвестиция» деп атаган.
Украинанын расмий өкүлдөрү жана президент Зеленский Майамидеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча азырынча комментарий бере элек.