Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:05

Башкы прокуратура мурдагы эки чекист пара алууга шек саналып жатканын билдирди

Курванбек Авазов жана Каныбек Досмамбетов. Коллаж.
Курванбек Авазов жана Каныбек Досмамбетов. Коллаж.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун кармалышы тууралуу расмий маалымат берди.

Башкы көзөмөл органынын 10-октябрдагы маалыматына ылайык, Аскер прокуратурасы коррупциялык көрүнүштөр боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө учурунда ишкерлерден өзгөчө көп суммада пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктаган.

Курванбек Авазов менен Каныбек Досмамбетов Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Башкы прокуратура андан тышкары бир бөлмөдө үч адам сүйлөшүп отурган видеону жарыялады. Анда бир киши жабырлануучу жана дагы бири адвокат катары көрсөтүлгөн. Адвокат делген адам баштык алып чыгып, андан 150 миң доллар алып чыккан жазылган. Жабырлануучу делген киши ал каражатты алып жатканын көрүүгө болот. Тасма каякта кандай жагдайда тартылганы белгисиз. Отургандардын бири Каныбек Досмамбетовго түспөлдөш экени билинет.

Мурдагы эки чекистти 9-октябрда Аскер прокуратурасы кармаганы айтылып, расмий маалымат бериле элек болчу.

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын февраль айында Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасы кызматынан алгандан кийин Курванбек Авазовду да атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары - Антитеррордук борбордун жетекчиси кызматынан бошоткон.

Каныбек Досмамбетов да февраль айында саламаттык сактоо министри кызматынан алынган. Ал ага чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынынын жетекчиси, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Мурдагы чекисттердин жакындары кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG