Быйыл Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 миллиард сом бөлүндү

Садыр Жапаров.

Быйыл Чүй облусун өнүктүрүүгө Турукташтыруу фондунан 10 миллиард сом каралганын президент Садыр Жапаров 10-октябрда билдирди. Бул күнү Бишкекте Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чарага президент Жапаров да катышты.

Ал Чүй бардык тармак боюнча мамлекеттин локомотиви экенин белгилеп, быйыл өлкө боюнча жалпы өндүрүштүн негизги бөлүгү ушул аймактан алынганын маалымдады.

“Ошого жаараша регионду өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Мына быйыл Турукташтыруу фондунан Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү. Ал каражатка облустун аймагында жаңы социалдык объектилер курулуп, өндүрүш ишканалары ачылды. Биздин экономикалык алга жылууларыбыз албетте, куштун эки канатындай болуп, маданий иш-аракеттер менен да коштолушу абзел. Буюрса, Түлөберди баатырга арналган илимий иш-чара, кыргыздын биринчи муундагы залкарлары жетилип чыккан Токмоктогу жетим балдар үйүн калыбына келтирип, маданий-билим берүү жайына айлантуу, Сүймөнкул Чокморов агабыздын Чоң-Таштагы үйүн үй-музейге айландыруу жана башка бир топ иш-мерчемдерибиз бар@, - деди Жапаров.

Кыргызстанда бийлик аймактарды өнүктүрүү үчүн кошумча каражат бөлүү практикасын колдонуп келатат. 12-сентябрда президент Жапаров 2024-2026-жылдары Таласты өнүктүрүүгө 11 миллиард сом каралганын белгилеген.

Өкмөт чейин башка облустарга да каражат бөлүнгөнүн билдирген.

Дагы караңыз

Трамп Украинада "жаңы президент шайланышы керектигин" билдирдиПара алууга шек саналып кармалган эки чекист бир айга камалдыКара-Кулжада жер көчкү коркунучуна байланыштуу тургундар эвакуацияландыКыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган Темиров эл аралык The Albies сыйлыгын алды