Зеленский Путин 60 күндүк элдешүүгө макул болсо, Украина шайлоо өткөрөрүн айтты

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүүнүн шартын атады. Ал америкалык ABC News телеканалына берген маегинде, бул үчүн 60 күндүк мөөнөткө согуштук аракеттерди токтотуу зарыл экенин билдирди.

"Мен президент Трампка жана анын командасына бир нече жолу айткам, эгер ал шайлоо аркылуу өзгөрүүлөргө жетишүүнү кааласа, анда президент [Орусиянын президенти Владимир Путин - ред.] Путинге "бизге эки ай, 60 күндүк толук ок атышууну токтотуу режимин бергиле, ошондо биз шайлоо уюштурабыз" деп айтсын. Албетте, биз элибиздин, украиналыктардын кандай болсо дагы тандоосун кабыл алууга даярбыз", - деди Зеленский ABC каналынын алып баруучусу Жонатан Карлга.

Украинанын президенти ошондой эле согуш маалында шайлоо өткөрүүгө Украинанын мыйзамдары боюнча тыюу салынганын белгиледи.

"Бирок эң негизгиси бул үчүн коопсуз инфраструктураны камсыз кылуу жана адамдарга добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү. Албетте, качан, кантип жана кимге добуш берүүнү украиналыктар өздөрү чечишет", - деди ал.

10-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенттик кызматында жаңы адамды көргүсү келерин билдирген. Анын пикиринде, Владимир Зеленский Орусия менен согушту токтотуу үчүн жетиштүү аракет кылбай жатат.

“Аларга келишим түзө ала турган жаңы лидер керек", – деп Associated Press агенттиги Трамптын Ак үйдө журналисттер менен жолугушуудагы сөзүн келтирген.

Трамптын Зеленскийге койгон дооматы Украина Куралдуу күчтөрүнүн Орусиянын мунай кайра иштетүүчү заводдорго чабуулдарына тиешелүү. АКШ президенти алардан баш тартууну талап кылганын, анткени алар "глобалдык маселени жаратарын" белгилеген. Бирок украин куралдуу күчтөрүнүн орусиялык мунай объектилерине соккулары токтогон эмес.

"Биз ага: Эмне кылсаң ошо кыл, бирок дизелге сокку урба, анткени бул чоң көйгөй, олуттуу тартыштык" дедик. Анан ал эмне кылат? Барып дизелге сокку урат", – деген Трамп.

Украинанын мыйзамы боюнча согуш шартында шайлоо өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү согуштук абал жоюлганга чейин узартылат. Ошого карабастан, Орусиянын расмий өкүлдөрү жана Кремлдин көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары Зеленскийди бир нече жолу "мыйзамсыз президент" деп атап келишет. Анткени анын биринчи мөөнөтү 2024-жылдын 20-майында аяктаган, бирок согушка байланыштуу жаңы шайлоо өткөрүлгөн эмес.

Дагы караңыз

Кара-Кулжада жер көчкү коркунучуна байланыштуу тургундар эвакуацияландыУкраина: Орусиянын соккулары жети өмүрдү алды, 20дан ашууну жабыркады Украин күчтөрү "Яндекстин" үчүнчү дата-борборуна сокку урду"Яндекстин" иши Кыргызстанда да үзгүлтүккө учурады