Президент Жапаров экинчи аял алгандарга кылмыш иши козголорун эскертти

11-октябрь, 2026-жыл. Баткен.

Президент Садыр Жапаров экинчи аял алгандарга кылмыш иши козголушу керектигин эскертти.

Бул тууралуу мамлекет башчы Баткен шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди. Жолугушууга келген жарандардын бири күйөөсү экинчи аял алып, балдары менен үй-жайсыз калтырып жатканына арызданган. Бул суроого жооп берген Жапаров эркектерди үй-бүлөсү үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырып, Кылмыш кодекси боюнча экинчи аял алгандарга иш козголушу керектигин айтты.

Президент прокуратура жана укук коргоо органдарына бул маселеге көңүл буруп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Өлкөдө буга чейин да экинчи аял болуп, басымга кабылганына же күйөөсү үстүнөн аял алганына даттангандар болгон. Бирок алардын канчасынын арызы сотко жеткени белгисиз.

Дагы караңыз

Эр-Риядда аэропортко урулган соккуда каза тапкандар 12ге жетти ТИМ Эр-Риядда каза тапкан, жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирдиЭр-Рияд аэропортуна кайра сокку урулуп, кеминде бир киши каза тапты, 11и жараат алды Президент Жапаров 15тей чек ара жана бажы кызматкери кармалганын билдирди