"Мадина" базарындагы өрттөн жабыркагандарга кенемте төлөө маселесин атайын комиссия текшерип, аныктап жатат. Ага төлөнчү каражат келерки жылдын бюджетине киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Кубанычбек Иманалиев 13-октябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Бул боюнча азыр атайын комиссия иштеп жатат. Чындыгында эле чыгым аныкталган учурда кенемте төлөп берүүнү пландаштырып жатабыз. Бизде бюджетте ал каражат каралган эмес. Балким комиссия жыл аягына чейин жумушун аяктаса, маселе кийинки жылдын бюджетине киргизилет", - деди вице-мэр.
Жыйында депутат Улан Сариев Орусиядагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына чабуулда жабыркаган кыргызстандык ишкерлердин маселесин көтөрдү. Ал өкмөттү ишкерлерге жардам берүүгө чакырды.
"Биздин жеке ишкерлердин укугун жакшылап коргоп бериңиздер. Анткени кээ бирөө акыркы акчасын жумшаган, азыр сызга отуруп калдык деп кайрылып жатышат. Wildberries күнөөсү жок экенин түшүнүп жатабыз, бирок биздин жеке ишкерлер дагы күнөөлүү эмес. Бирок алардын (Орусиянын) мыйзамында кенемте каралган. Ошого катуу туруп, биздин ишкерлерге жардам берилиш керек", - деди Сариев.
30-августта Бишкектеги "Мадина" базарында өрт чыгып, жалпы 50дөн ашуун контейнер күйгөн. Өрттөн кийин жабыр тарткан соодагерлер бийлик убада кылган жардамдан кабар жок экенин айтып чыгышкан.
Бишкек мэриясы мындан аркы төлөм жана компенсация маселеси тиешелүү тергөө жана текшерүү иш-чаралары аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин караларын билдирген. (КЕ)
"Мадинадагы" өрттө жабыркагандарга төлөнчү каражат 2027-жылдын бюджетине киргизилиши мүмкүн
"Мадина" базарында өрт чыкты. Сүрөт: ӨКМ