Болгариянын премьер-министри Румен Радев 13-октябрда Кара деңиздеги эки коммерциялык кемеге чабуул болгонун билдирди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, түнкү саат 01:30да Бяла шаарынан 33 чакырым чыгышта жайгашкан Chelsea жүк ташуучу кемеси жардам сурап белги берген. Экипаждын маалыматына ылайык, үч дрон кемеге сокку урган. Кемедеги 15 адамдын баары, анын ичинде Украинанын жети жана Азербайжандын сегиз жараны Варна шаарына жеткирилип, алардын бешөө ооруканага жаткырылган.
Chelsea кемеси Мальтанын желеги алдында сүзүп жүргөн, Одессада катталган жана украиналык компанияга таандык.
Чабуулдан кийин Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны чакырылып, дагы бир кеме соккуга кабылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал Крапец кыштагынан 31 чакырым чыгышта бутага алынган. Кеме чөгүп кеткен, анын экипажынын бир мүчөсүн гана куткарууга мүмкүн болгон.
Радев Болгариянын НАТО жана Евробиримдиктеги өкүлдөрүнө бул окуя тууралуу маалымат бергенин айтты. Анын сөзүнө караганда, София дрондор кайсы өлкөдөн учурулганын аныктоо үчүн бул чабуулдарды иликтөөгө эл аралык колдоо издөөнү улантууда.
"Азырынча жоопкерчиликти кайсы бир тарапка так жүктөөгө мүмкүндүк бере турган ишенимдүү далилдер жок. Бирок буга чейин да айтканымдай, Орусия үчүн пайдалуу экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан бүгүн мен Орусиянын элчисин жолугушууга чакырам", - деди ал.
Болгариянын премьер-министри өлкөнүн аймагына жакын жерде коммерциялык кемелерге кол салууну "жол берилгис көрүнүш" деп атады.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбига кемелерге чабуулдар үчүн Орусияны айыптады. Орус тарап азырынча комментарий бере элек.
6-октябрга караган түнү Болгариянын өзгөчө экономикалык аймагында Alfa Watan жана Able кемелерине дрондор менен сокку урулган. Румынияны көздөй багыт алган, Тогонун желеги алдында сүзгөн Alfa Watan кемеси чөгүп кеткен. Анын экипажынын тагдыры белгисиз.
Палау желеги алдында сүзгөн Able кемесинин Түркиянын 11 жана Индиянын жети жаранынан экипажы куткарылган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ал кемелерге чабуул үчүн да Орусияны айыптаган.