Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кыргызстандык мигранттардын көбү орус-украин согушуна байланыштуу башка өлкөлөргө кетип жатканын билдирди. Анын айтымында, учурда Түркияга, АКШга кетип жаткандар бар. Бул тууралуу министр 13-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Министр айрым Европа өлкөлөрү кыргызстандык адистерди чакырууга кызыкдар экенин айтып, бирок ал үчүн Ооганстан, Афирикадан келген мигранттарды кабыл алууну сунуштаганын кошумчалады.
"Азыр Европада, мисалы Германия, Австрия биздин мигранттарды чакырууга кызыкдар экенин билдирип жатышат. Алар жогорку квалификациялуу адистерди чакырууга кызыгышкан. Бирок алар "мобилдик миграция деп силерден жумушчуларды алалы, бирок силер Ооганстан, Африкадан келген мигранттарды үчүнчү мамлекет катары кабыл алгыла" деп сунуштап жатат. Биз ага такыр макул эмеспиз. Биз мүмкүн болсо, биздин мигранттар түз барып иштей берсин деп жатабыз".
Министр мындан сырткары Түштүк Корея, Жапонияда дагы кыргызстандык жумушчуларга муктаж экенин кошумчалады.
1-июнда Евробиримдик жаңы миграция жобосун бекиткен, ал мыйзамсыз мигранттарды биримдиктен тышкаркы өлкөлөргө депортациялоо жана мыйзамсыз мигранттарды тинтүүгө уруксат берет.
Politico басылмасы Евробиримдиктин келечектеги өнөктөштөрү катары Казакстанды, Өзбекстанды, Руанданы жана Уганданы атаган.
Жаңы жобо Евробиримдиктен чыгып кетүүдөн баш тарткан мигранттарга карата жазаны да күчөтөт. Тактап айтканда, аларга Евробиримдикке кайра кирүүгө тыюу салынат.
Астана жана Ташкент Евробиримдик менен визаны жеңилдетүү үчүн мыйзамсыз мигранттарга Казакстанда миграциялык борбор түзүүнү макулдашканы жөнүндөгү маалыматтарды четке каккан.
Орусия Украинага бастырып кирген 2022-жылдан тартып бул өлкөдө иштеген кыргызстандык мигранттардын саны кескин азайган.
Май айындагы маалыматы боюнча, Орусияда 268 миң 460 кыргызстандык миграциялык каттоодо турат. (КЕ)
Кулубаев Бишкек Ооганстан жана Африкадан мигрант кабыл алуу сунушун четке какканын билдирди
Жээнбек Кулубаев.