Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев эл өкүлү Эрулан Көкүловдун “депутаттардын көбү акча жана тааныш менен шайланып келгени” тууралуу сөзүнө жооп берди.
Спикер парламенттин 14-октябрдагы жыйынында “Жогорку Кеңештин ичинде депутаттардын бөлүнүүсүнө же бири-бирине акаарат келтиришине жол бербей турганын, бул маселе боюнча Эрулан Көкүлов менен сүйлөшүп, бир пикирге келишкенин” айтты.
“Ар бир депутат өз эмгеги менен шайланып келди. Эч ким асмандан түшкөн жок. Ошондуктан мен төрага катары мындан ары да ынтымагыбызды, биримдигибизди бекемдейм. Бир команда катары иштейбиз деп сөз бергенбиз. Жумушту ошол боюнча уланта беребиз”, - деди ал.
Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында сөз сүйлөп жатып “Ушул жерде жарымыңар (ред: Жогорку Кеңештин депутаттары) акчаңар жок болсо, жарымыңар таанышыңар жок болсо отурмак эмессиңер. Ашып кетсе он чакты депутат калмак”, – деген.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын 17-декабрында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет жана беш депутаттык топ бар.
Коомчулукта “депутаттар маанилүү маселелерде позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. Мындай дооматтарды спикер, басымдуу депутаттар четке кагып келишет. (BTo)