Ишкер Аймен Касенов президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдун расмий сайтына маалымат чыкты. Маалыматка караганда, Касенов талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде арыз тапшырды.
Касенов муну менен 27-январга белгиленген президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган алгачкы адам болуп калды.
Аймен Касенов 2021-жылкы президенттик шайлоодо да талапкер болгон. Бишкек шаардык кеңешине “Реформа” партиясы менен катышкан. Андан бери саясатка көп аралашкан жок.
2027-жылдын 27-январына белгиленген өлкөнүн президентин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерден арыздарды алуу шайлоого 75 күн калганда, 13-ноябрда токтойт.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт.
Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаровдун маалыматына караганда, саясий иш-чарага 1 млрд 200 млн сом кетет деп эсептелген. Эгерде шайлоо бир эле айлампа менен өтсө, бул сумма азаят.
Алдыдагы өнөктүккө талапкер болуп катышарын азыркы президент Садыр Жапаров алгачкы болуп айтып чыккан. Шайлоого өз талапкер болуу ниетин буга чейин мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев, жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеев билдиргени менен БШКга кайрыла элек. (КЕ)