МИК аркылуу өлкөдө жалпы 9371 батир пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров ипотекалык үйлөрдүн биринде. "Мурас" комплекси, Бишкек. 12-январь, 2026-жыл.

14-октябрда Бишкек шаарындагы Бегматов жана Маликов көчөлөрүндө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган “Мурас” турак жай комплексинен 1104 батир пайдаланууга берилди.

Иш-чарага катышкан президент Садыр Жапаров бул даректе ушуну менен 3170 батир өз ээлерине тапшырылганын, эми 2027-жылдын июнь айында дагы 1584ү берилерин айтты. Ошону менен жарандар “Мурас” турак жай комплексиндеги 39 блоктон 4754 батирди ипотекага алган болот. Садыр Жапаров ушул күнгө чейин өлкө боюнча жалпы 9371 батир пайдаланууга берилгенин кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстанда жалпы 65 объектиде 83 миңден ашуун батирдин курулушун жүргүзүүдө.

14-октябрда Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда да 105 батирлүү турак жай пайдаланууга берилди. Президенттин буга чейин айткан сөзү боюнча, Кыргызстанда 150-200 миңге жакын үй-бүлө үйгө муктаж. (BTo)

Дагы караңыз

Балаководо Сбербанктын маалымат борбору, металлургия заводуна сокку урулду. Бир киши каза тапты Активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алындыАймен Касенов президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиДепутат Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен ЖКга арыз тапшырылдыМасалиев ИИМ Мадумаровдун 150 миң долларын кайтарып бергенин айттыШирин Айтматова Кенжебаевдин кармалышы боюнча пикирин билдирдиАКШ мамкатчысы Рубио Борбор Азияга 200 ишкер кирген делегацияны баштап келет