Кыргызстанда январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түздү. Бул өткөн жылдын август айына караганда 28,7% көп. Бул тууралуу Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева 15-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.
Ошол эле учурда республика боюнча керектөө жана тарифтердин өсүшү 8,1% түзгөн. Азык-түлүк, алкоголсуз ичимдиктерге баа 7%, азык-түлүк эмес товарларга 6%, кызмат көрсөтүүнүн баасы 11% көтөрүлгөн.
"Бул мезгилде баалар жаңы союлган этке, сүт азыктарына, өсүмдүк майына, балык, унга бышкан жемиштерге жогорулаган", - деди Керималиева.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, айлык акы 2026-жылы искусство жана көнүл ачуу тармагында, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан камсыздоо, курулуш, илимий, техникалык кызматтагы, транспорт, финансы, айыл чарба кызматкерлеринин айлыгы козгө көрунөрлүк жогорулоо болгон. Август айындагы маалыматка ылайык, бул тармакта иштегендердин айлык маянасына 23,4 пайыздан 1,5 эсеге чейин ушулган.
Баалардын өсүшү, кымбатчылык маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.
Депутат Акылбек Түмөнбаев парламенттин 7-октябрдагы отурумунда "элдин көбү кымбатчылык тууралуу айтып жатышканын" белгилеген.
“Элдин көбү “кымбатчылык болуп атат” деп атышат. Монополияны жөнгө салуу кызматы кандай иш жүргүзүп жатат? Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп аймактарында эң көп картөшкө айдалат. Ортомчулар картөшкөнү элден 13-20 сомдон сатып алып жатат. Ошол эле картөшкө базарда 80-100 сомдон сатылууда. Ортодо канча сом айырма болуп жатат?” - деген ал.
Улуттук банк жакында эле экинчи кварталда инфляция деңгээли 11% ашканын, өлкөдөгү баа муну менен токтобой, жыл аягына чейин инфляция 15% жетиши мүмкүн экенин маалымдаган. Кескин кымбаттоо кызмат көрсөтүү, эт жана башка азык-түлүктө сезилген. (КЕ)