Президенттик шайлоо: БШК талапкерлерге тегиз карайбы?

БШК имараты.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин арасында алгач ишкер Аймен Касенов БШКга расмий арыз жазды. Ат салышарын азыркы президент Садыр Жапаров, саясатчы Өмүрбек Суваналиев жана дагы бир катар саясатчы билдирген.

Ал тапта соцтармактарда Жапаровду колдогон материалдар көбөйө баштады. БШК үгүт иштери расмий башталганга чейин талапкерлерди же талапкер болууга ниетин билдирген адамдарды колдоп үгүт жүргүзүүгө мыйзам жол бербей турганын эскертүүдө.

Шайлоого аттанарын жарыялагандар

Кыргызстанда президенттик шайлоого байланыштуу окуялар, ошентип, кызый баштады. Талапкер болуу үчүн БШКга расмий кайрылган алгачкы жаран ишкер Аймен Касенов болду. 52 жаштагы Касенов коомчулукка 2021-жылдагы президенттик шайлоодо таанылган. Көптөгөн жыл мунай тармагында эмгектенген, “Газпром” ишканасынын Тажикстандагы жана Казакстандагы бөлүмдөрүн жетектеген ишкер президенттик үчүн ат салышкан.

Андан бери саясатка аралашпаган Аймен Касенов бул жолу президенттик шайлоодо багын сынап көрүүнү чечкени белгилүү болду.

Касеновдон башка президенттикке үмүткөрлөр азырынча БШКга расмий түрдө кайрыла элек.

Буга чейин президент Садыр Жапаров, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Суваналиев, Финполициянын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкерлигин коерун ачык жарыялаган.

Бирок Суваналиев менен Жапыкеев талапкер катары катталуу үчүн милдеттүү болгон кыргыз тилинен тесттен жетиштүү упай албай калганы 15-октябрда белгилүү болду.

Өмүрбек Суваналиев “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырганында грамматика, окуу жана сүйлөө сынактарынан жетиштүү упай алып, жазуудан төрт балл жетпей калганын “Азаттыкка” билдирди:

“B2 деңгээлине жетүү өтө оор. Аны алыш үчүн филология илимдеринин доктору же талапкери болушуң керек. Болбосо, кесибиң кыргыз тилине байланыштуу болуп, күн сайын жазып, адабий тилде көркөм сүйлөшүң зарыл. Биз юрист, саясатчы болгондон кийин жөнөкөй тил менен сүйлөп жүрөбүз да. Жазуу практикабыз аз”.

Мамлекеттик тилди билгени тууралуу сынак президенттикке талапкер болуунун негизги талаптарынын бири. Эми бул саясатчылар талапкер көрсөтүүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин кайрадан тест тапшырып, кыргыз тилин билерин далилдегенге укугу бар.

Өмүрбек Суваналиев кайрадан тест тапшырар-тапшырбасын чече электигин кошумчалады.

Эртелей үгүт эмеспи?

Ал тапта президенттик шайлоодо үгүт өнөктүгү баштала элек учурда үгүт элементтери камтылган материалдар жайылтылып жатканын айткандар чыгууда. Мындай видеолор көбүнесе учурдагы президент Садыр Жапаровду мактаган мазмунда болуп жатканын байкоочулар белгилөөдө.

Маселен, Инстаграмдагы elchapa аттуу баракчанын ээси дагы видеокайрылуу жасап, азыркы президент өлкөнү башкарууну улантышы керек деген пикирин билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, үгүт өнөктүгү расмий башталганга чейин кайсы бир талапкерди колдоо же ага каршы үгүт жүргүзүүгө мыйзам тыюу салат.

Комиссия мындай материалдарды текшерип чыгарын билдирди.

Тимур Оторбаев, БШКнын мүчөсү

"Эгер биздин жумушчу топ мындай материалдарды аныктаса, анын автору жаранбы, блогерби же социалдык тармактын колдонуучусубу — түшүндүрмө алуу үчүн чакырабыз. Материалдын мазмуну каралып, маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынына чыгарылат. Жыйынтыгында эскертүү берүү, айып пул салуу сыяктуу чаралар көрүлүшү мүмкүн. Эгер материалда улуттар аралык, аймактар аралык кастыкты козутуу же диний кастык белгилери болсо, ал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет."

Буга чейин президенттикке талапкер болууну каалаган Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыяздын подкастынын коногу болушкан. Бирок бул подкасттарды эртелей үгүт болуп калбасын деп журналист азырынча жарыяланбай турганын билдирген.

Дал ушундай шартта президенттикке ат салышууну каалаган талапкер арасында бирдей шарт түзүлөбү деген суроо талкууланып жатат.

Азырынча президенттикке талапкерлигин коюну ойлонуп жатканын айткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев учурдагы президенттин мүмкүнчүлүктөрү баары бир көп болорун айтууда.

Ал Жапаровдун аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуусу президенттин иши болсо да, шайлоо алдында үгүт катары да кабыл алынарын белгиледи:

Исхак Масалиев

"Президент мыйзам боюнча кызматын тапшырбайт. Үгүт өнөктүгү башталганда дагы чоң иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Азыр деле мамлекеттик учак, мамлекеттик автоунаа жана мамлекеттик күзөт менен иш сапарларга чыгып жатат. Мунун баары мыйзам чегинде. Бирок башка талапкерлерде мындай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан теңдик маселеси жаралат."

Ал эми саясат таануучу Алмазбек Акматалиев азыркы президенттин аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуусу анын конституциялык милдеттеринин бир бөлүгү экенин, мындай иш сапарларды шайлоо өнөктүгү менен түздөн-түз байланыштырууга болбой турганын айтууда:

Алмазбек Акматалиев

"Эми бул боюнча атайын мыйзам бар да. Президентти шайлоо жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамда берене бар. Ал жерде так жана ачык жазылып турат. Депутат же азыркы иштеп жаткан президент шайлоого барса, ээлеген кызматын таштабай туруп барганга укуктуу деп турат. Президент азыр жер-жерлерде эл менен жолугушуп жатса, ал биринчиден, каттоодон өтө элек. Эгер каттоодон өткөн күндө деле мыйзам жол берет да. Ошондуктан бул жерде эч кандай маселе жок. Бул маселеден “бөйрөктөн шыйрак чыгарбоо” керек".

Кыргызстанда президенттик шайлоо кийинки жылдын 27-январында белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерден арыз алуу шайлоого 75 күн калганда, 13-ноябрда токтойт.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт. Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бериши зарыл.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан 26-январга чейин жүргүзүлөт.