Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасына зым тартылып бүттү

Кыргыз-тажик чек арасы. (архив)

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, 2025–2026-жылдары Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы узундугу 327,7 чакырымдан ашык чек ара тосмолору орнотулуп, 338,5 чакырым жол салынды. Бул жолдор чек ара тилкелерине жетүү, аскерлер жана техниканын жүрүшүн камсыздайт.

Маалыматка ылайык, инженердик иштер түздүктө гана эмес, тоолуу, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда да жүргүзүлгөн. Айрым тилкелерде тик капталдар, татаал рельеф, курулуш материалдарын жана техниканы жеткирүүдөгү кыйынчылыктар иштин жүрүшүн кыйла татаалдаштырган.

Тилкени тосмолоого Мамлекеттик чек ара кызматы, Коргоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Мамлекеттик бажы кызматынын тиешелүү бөлүктөрү тартылган.

Чек ара кызматы Кыргызстан менен Тажикстандын Ош облусундагы чек ара тилкесинин тосмолонушу тууралуу маалымат берген жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт.

2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан кийин Биргелешкен кыргыз-тажик демаркациялык комиссиясынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынан демаркация боюнча жумушчу топтор түзүлүп, алар демаркациялык чаралардын комплексин ишке ашырууга киришкен.(JsA|ZKo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасында демаркация иштери бүткөнүн билдирди

Дагы караңыз

Рим папасы Путинди Олешкиге соккуну токтотууга чакырдыСогушта каза тапкан орусиялыктардын кеминде 281 миңинин аты-жөнү аныкталдыКыргызстанга картөшкө ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилдиСамарканддагы дипломатия: АКШнын кызыгуусу, Борбор Азиянын мааниси