Санкт-Петербургда полиция мигранттарга каршы рейд жүргүзүп, ондогон адам кармалды

Базардагы рейд. 16-октябрь, 2026-жыл. SOTAvision

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Сенной базарында полиция ОМОН кызматкерлери менен чогуу рейд жүргүздү. Алар мигранттардын документтерин, ал эми Орусия жарандыгын алган эркектердин аскердик каттоого турган-турбаганын текшеришти. Бул тууралуу "Фонтанка", 78.ru жана SOTAvision басылмалары кабарлашты.

Рейд жөнүндө күч түзүмдөрүнө жакын Mash жана Baza Телеграм каналдары да жазды.

78.ru басылмасынын маалыматына караганда, текшерүү жума намаздан кийин башталган. Күч кызматкерлери базардан тышкары, анын жанындагы дүкөндөрдү, кафелерди жана хостелдерди да текшерди. Басылма түрдүү мыйзам бузууларга байланыштуу ондогон адам кармалганын жазды. "Фонтанканын" маалыматына караганда, укук коргоо кызматкерлери мечитке да киришкен.

SOTAvision кабарчысынын билдиришинче, окуя болгон жерде ОМОНдун, Росгвардиянын жана жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү турган. Бештен ашык адам ташуучу полиция унаасы нөөмөттө болгон. Базарга жакын аймак курчоого алынып, кирип-чыгуучу жолдор жабылган. Адамдарды документтерин текшергенден кийин бирден чыгарышкан, айрымдарын алып кетишкен.

"Намазга келдик, намаз бүткөн соң баарын жаап салышты. Аскердик каттоодо тургандарды, каттоосун, патентин - баарын текшере башташты", - деп SOTAvision басылмасына базардын аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн адам айтып берген. Анын айтымында, рейд учурунда күч кызматкерлери мигранттарга күч да колдонушкан.

"Фонтанка" басылмасына окуянын күбөлөрүнүн бири "Аскерге чакыруу кагаздарын таратып жатышат" деп билдирген. Дагы бир адам 78.ru басылмасына аскердик каттоодо турса да чакыруу кагазы берилгенин айткан.

Орус бийлиги мигранттарга көзөмөлдү күчөтүп, жапырт рейддерди өткөрүүдө жана чет өлкөлүктөр иштей ала турган тармактарда улам бир чектөөсүн киргизип келет. Өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, 2026-жылдын июнь айына карата Орусиянын 52 аймагында мигранттарды айрым тармактарга жумушка алууга чектөөлөр киргизилген. Мисалы, Санкт-Петербургда жыл аягына чейин патент менен иштеген чет өлкөлүктөрдү такси жана курьердик жеткирүү кызматтарына алуу тыюу салынган.

Дагы караңыз

Москвада дрон чабуулунан улам 350дөн ашык учак каттамы кармалып, токтотулдуКыргызстан-Армения алакасынын 2027–2029-жылдарга "жол картасы" кабыл алындыАлма менен мистеден кантип миллион тапса болот?18-октябрдын аба ырайы: Айрым жерлерде үшүк жүрөтОрусиянын эки аймагында маймыл чечегине шектелип 10 адам ооруканага жаткырылды