Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин директору кызматтан алынды

Бишкек мэриясы.

Бишкекте автобус катышкан жол кырсыгынан кийин Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев кызматтан бошотулду.

15-октябрдын кечинде Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде №38 каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган Zongtong үлгүсүндөгү автобусту айдап бараткан айдоочу Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord үлгүсүндөгү автоунааларды сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган. Алардын экөө мээси чайкалган деген диагноз менен Улуттук госпиталга кайрылып, амбулатордук медициналык жардам алышкан. Дагы эки киши көкүрөгүнөн жана моюнунан жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына кайрылып, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген.

Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы коомдук транспорттун айдоочусу мас болгонун кабарлады.

2026-жылдын июль айында №34 каттамын тейлеген Zongtong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Иманалы Айдарбеков көчөсүнө бурулуп жатып жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан баланы сүзүп кеткен. Алган оор жаракаттарынан улам 9 жаштагы окуучу окуя болгон жерде каза болгон.

Бул окуядан кийин мэрдин орун басары Рамиз Алиевге, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин ошол кездеги директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланып, Бейшенбаевдин орун басары Алмаз Алымбеков жана “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров кызматтан бошотулган. (BTo)

Дагы караңыз

Нурада жер титиредиБаткен облусунда кыргыз-тажик чек арасына зым тартылып бүттү Украина: Дрон жана авиабомба соккусунан адамдар каза болду, бир нече аймак жарыксыз калдыКыргызстан-Армения алакасынын 2027–2029-жылдарга "жол картасы" кабыл алындыБаткенде Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен адамдын сөөгү табылдыБөлтүрүк баштаган "Шумкар" кыймылынын маалыматтары экстремисттик деп жарыяланды