Ички иштер министрлиги (ИИМ) жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеевдин милицияга жеткирилгени боюнча маалымат берди. ИИМдин кабарлашынча, 19-октябрда түнкү саат 02:11 чамасында Бишкектеги Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринин жашоочусу тынчтыкты бузуп, кыйкырып, ызы-чуу чыгарып жатканы боюнча милициянын "102" кызматына кайрылган.
Бул фактыны Биринчи май райондук милиция бөлүмү каттоого алып, сотко чейинки териштирүү иштерин баштады.
"Милиция окуя болгон жерге барганда 1977-жылы туулган С.Ж аттуу жаран мас абалында милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, одоно сөздөр менен тилдеген. Андан соң ал Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын № 5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Мунун алдында социалдык тармактарга Жапыкеевдин видеосу жарыяланган. Социалдык колдонуучу Кыялбек Матаев жарыялаган тасмада Жапыкеев милиция аны 19-октябрга караган түнү үйүнөн алып кеткенин, арыз түшкөнүн билдиришкенин, ошол бойдон маалымат бербей жатышканын айткан.
Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоолордо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат. Октябрь окуясынан кийин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болуп дайындалып, беш ай иштегенден кийин бул мекеме жоюлуп кеткен.
Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу нитетин билдирип, 8-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, өтпөй калган. Ал лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алган эмес.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.(КЕ)