"Ирактын абагынан өзүм чыктым, апам калды"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ирактын түрмөлөрүндө жаткан кырктан ашык кыргызстандык кыз-келинди мекенине кайтаруу өтүнүчү менен жакындары бийликке улам-улам кайрылууда. Август айында эле Ирак өкмөтү абак жайларда кармалып турган алты миңге жакын чет өлкөлүк жаранды өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүү маселесин көтөргөн. Жакынкы Чыгышта өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган радикалдуу топ талкалангандан кийин Борбор Азия мамлекеттери Сирия менен Ирактан жүздөгөн жаранын мекенине кайтарды. Алар террордук топко кошулуп кеткен жоочулардын аялдары менен балдары. Бирок дагы бир тобу кала берүүдө. “Азаттык” жакындарынын тагдырына кабатыр болгон кишилер менен жолугуп келди.