Кыргызстандын электр энергия үчүн дебитордук карыз 795 млн сомду түздү

CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда орнотулган электр мамылары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн дебитордук карыз бүгүнкү күнү 795 млн сомду түзөт. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 19-октябрдагы жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, негизги карыздар бюджеттик мекемелерге, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга жана карызы айдан айга өтүп келген керектөөчүлөргө туура келет.

Сыдыгалиев жыл башында карыздын көлөмү 803,5 миллион сом болгонун, тогуз айда 8,3 миллион сомго кыскарганын кошумчалады.

Анын айтуусунда, 2026-жылы дебитордук карызды 10 пайызга кыскартуу планы белгиленген.

Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитети 19-октябрда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын укту. Айрым депутаттар кышка даярдык, электр энергиясы менен камсыздоо, чектөөлөр тууралуу суроолорун беришти.

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттаган. Ага ылайык, карапайым керектөөчүлөр 700 кВт саатка чейин колдонгон электр жарыгына 1 сом 64 тыйындан, андан ашса 2 сом 94 тыйындан төлөйт. Бийик тоолуу жана жолу татаал аймактардын тургундары үчүн 1 сом 64 тыйын, аз камсыз болгон ("Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган) үй-бүлөлөр 700 кВт саатка чейин 50 тыйындан, андан көп колдонсо 2 сом 94 тыйындан төлөйт.

Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.

Күз-кыш мезгилинде калк 1483,63 миң тонна, бюджеттик мекемелер 319,4 миң тонна көмүр керектейт деп эсептелген. (ZKo)

Дагы караңыз

Энергетика министри керектөө көп болгон учурда электр энергиясы өчүшү мүмкүн экенин билдирдиСамарканд декларациясы: Экономика, энергетика жана коопсуздук Президент Жапаров казакстандык оппозиционер Аблязовдун акча тууралуу айтканын четке какты Түркия АКШ менен келишимдин алкагында Орусиянын дизелин сатып алат Кыргызстанда грант менен окуган студенттерге ротация милдеттүү болот