Чет өлкөлүк мугалимдерди киреше салыгынан бошотуу сунушу көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга чет мамлекеттерден келип иштеген мугалимдерди киреше салыгынан бошотуу, билим берүү жабдууларын импорттоодо кошумча нарк салыгынан жана билим берүү уюмдарына салыктык жеңилдик берүү сунушталды. Мындан тышкары чет өлкөлүк окутуучулардын милдетүү социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бошотуп, алардын Кыргызстанда убактылуу жашоосуна уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү да сунушталды.

Бул сунуштардын демилгечилеринин бири, депутат Алтынбек Кудайбердиевдин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 20-октябрдагы жыйынында билдиргени боюнча, бул өзгөртүүлөр Кыргызстанга жогорку квалификациялуу адистерди тартуу максатында сунушталып жатат.

Илим, жогорку билим жана инновациялар министринин орун басары Нарынбек Кубатбек уулунун маалыматына караганда, учурда Кыргызстанга Орусия, Өзбекстан, Пакистан, Бангладештен жана Германиядан келип иштеген адистер бар. Депутат Гуля Кожокулова Бангладештен келип иштеген мугалим кайсы сабактан окутарына кызыкты. Ал сырттан келүүчү мугалимдердин билим берүү сапатына да көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

"Бизде немис, француз тилдерин окуткан, Германиядан же Франциядан келип иштеген мугалимдер барбы?" - деп кызыкты депутат.

Министрдин орун басары маалыматты тактап, жазуу түрүндө берерин билдирди. Анын сөзүнө караганда, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын чет тил факультеттеринен немис, француз тилдеринен жүздөй бүтүрүүчү бүтүрүп чыгат. Ал эми англис, орус тилдери боюнча кыйла көп.

Ал эми депутат Чолпон Эсенаманова 700дөн ашуун чет өлкөлүк мугалимдер киреше салыгынан жана башка төлөмдөрдөн бошотулса, 10 млн сомго жакын каражат мамлекеттик бюджетке түшпөй каларын белгиледи. Мыйзам долбоорунун автору бул чыгаша кыргызстандык балдардын чет өлкөлөргө чыгып окуй турган чыгымдарынын алдын аларын эскертти.

Акыркы бир нече жылда Орусия Кыргызстанга орус тилинде билим берген он чакты мектеп куруп берди. Ошол эле учурда эки тараптуу келишимдерге ылайык, Кыргызстанга Орусиядан мугалимдер келип, иштейт. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштейтМадумаровдун өзүнө чыккан өкүмгө каршы арызы Жогорку сотто каралууда Кыргызстанда жаңы авиакомпания ачууга киргизилген чектөө алындыБУУ каржыдан улам Газа тилкеси үчүн азык-түлүк программасын кыскартууда Трамп Си Цзинпин жана Путин менен үч тараптуу жолугушуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт