"Керектөө көп болгон учурда кубаттуулук жетпей калышы мүмкүн". Энергетика тармагы кышка даярбы?

Кыргызстандын энергетикалык көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстанда быйыл да электр энергиясына таңкыстык бар экенин маалымдап, жетишсиздик импорттун эсебинен жабыларын айтты. Ал ошол себептүү кышта кубаттуулук жетишпей калган күндөрү жарык өчүрүүлөр болорун моюнга алды.

Электрди керектөө өлкөдө жыл сайын өскөнү менен кошумча кубаттуулуктарды түзүү аны кууп жетпей келет. Натыйжада ар бир кыш сайын жарык берүү үзгүлтүккө учуроодо.

Өчүрүүлөрдүн карааны

Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине даярдыгы Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 19-октябрдагы жыйынында каралды.

Негизги баяндаманы энергетика министри Алтынбек Рысбеков жасап, электр энергиясы, жылуулук, көмүр жана башка нерселер менен камсыздоо пландагыдай жүрүп жатканын айтты. Ал ошол эле электр тартыштыгы бар экенин моюндап, ал импорттун эсебинен жабылып жатканын билдирди. Министр ошол себептүү кыштын күндөру эртең менен жана кечинде кубаттуулук жетишпей калган учурлар болорун белгиледи.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып мындай деди:

Алтынбек Рысбеков

"Эртең мененки жана кечки максимум деген бар, ошол учурда кубаттуулуктун жетишпей калган учурлары болуп калышы ыктымал. Импорт менен жаап жатабыз, бирок биз сатып алып жаткан кошуна мамлекеттер керектөө көбөйгөн учурда аларда дагы бизге электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгү болбой калат. Ошол учурда кубаттуулук боюнча маселе жаралып калышы мүмкүн. Биздин даярдык боюнча маселе жок, азыркы учурда өчүрүү же чектөөгө байланыштуу пландалган иш-чаралар жок. Керектөө көбөйүп, кубаттуулук жетишпей калган учурда кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүүгө туура келет".

Кыргызстанда электр энергияны керектөө быйыл 19,6 млрд кВт/саат болот деп күтүлсө, 15,5 млрд көлөмдү өлкө өзү өндүрүп, жетишпеген 4,1 млрд көлөмдү сырттан сатып алуу мерчемделген.

Энергетика министринин баяндамасынан алынган скриншот.

Тогуз айдын жыйынтыгында керектөө 14,2 млрд кВт/саатты түзсө, анын 11,3 млрд’ын жергиликтүү станциялар иштеп чыгарды. Бул 2,9 млрд’дык көлөм, башкача айтканда, дефициттин көпчүлүк бөлүгү ушул күнгө чейин эле сатып алынды.

Эл өкүлдөрү ушундан улам кышта жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр болушу мүмкүн деп күмөн санашууда. Анткени, кезектешип өчүрүүлөр жыл ичи да болуп жатканы коомчулукта айтылып турду. Мындай өчүрүүлөрдү Энергетика министрлиги акыркы жылдары жөнгө салуучу өчүрүүлөр деп атап алганга өткөн.

Энергетика министринин баяндамасынан алынган скриншот.

Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев комитеттин жыйынында буларга токтолду:

Сеидбек Атамбаев

“Мага Аламүдүн району боюнча көп арыз түшүп жатат. Кубаттуулукка байланыштуу чектөөлөр тууралуу кесиптештерим да белгилеп кетишпедиби. Мындай чектөө өткөн жылы октябрдан апрелге чейин болгон, азыр болсо октябрдан баштадыңар, туурабы? (Министр: Азыр чектөө жок). Чектөө жок дегениңер менен 3 кВт лимиттен кийин өчүрүп атышпайбы. (Министр: Жок, андай жок). Мен айылга барып атам, чайнек же электр мешин иштегенде эле, электр энергиясын өчүрүп коюшту. Болбосо биз төлөгөнбүз. Кийин чалып, “3-5 кВт лимиттен кийин өчүрүп жатабыз” деп ачык айтышты. (Министр: Уруксат берсеңиз мен тактап көрөйүн. Бүгүнкү күндө чектөө жок). Тактап бериңиз, балким сиздер берген тапшырма аткарылбай жатат. Айтайын дегеним, электр чайниктери болгону 1,5-2 кВт, анан карапайым ага болгону жылыткыч кошсо, жарык өчүп калып жатат. Элдин баары ушуга нааразы болуп жатат”.

Эмне кылуу керек?

Кыргызстанда калктын саны көбөйүп, экономика өсүп, курулуш жана башка тармактар жанданганы электр энергиясын керектөө жылдан жылга өсүп келатат. Мурдараак керектөө жылына 15-17 млрд кВт/сааттын тегерегинде гана болуп келсе, былтыртан тартып керектөө 19 млрд кВт/саатка жете келди. Быйыл да ушунча болсо, кийинки жылдары көлөм дагы да өсөт.

Бирок электр энергиясын өндүрүү ошого жараша секирик жасаган жок. Өлкөнүн мүмкүнчүлүгү болгону 14-15 млрд кВт/саатка гана араң жетет. Калган айырма бир нече жылдан бери Түркмөнстандан, Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан сатылып алынууда.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев жагдайды минтип талдады:

Расул Умбеталиев

“Энергетика министрлиги менен “Улуттук электр тармактары” ишканасы азыр “жетишпеген көлөмдү коңшу мамлекеттерден – Өзбекстандан, Казакстандан же Орусиядан сатып алабыз” деп жатышат. Эгер кыш өтө суук болсо ал мамлекеттердин өздөрүндө электрдин таңкыстыгы болуп калышы мүмкүн. Мисалы, Өзбекстанда 3,5-4 млрд, Казакстанда 4-4,5 млрд кВт/саат электр энергиясы жетишпей калуу ыктымалдыгы бар. Анда алар бизге сата албай калышат. Мындай учурда биздин өндүрүш жарык менен толук камсыздай албайт, ошондуктан жалпы өчүрүүлөр жана чектөөлөр болушу толук мүмкүн. [...] Карапайым эл электрди эле карап отурбай көмүр алышы керек, газ алышы керек, башка альтернативдик отундун түрлөрүн караштыра бериши керек”.

Электр энергиясынын жетпей жатканына бир эле себеп бар – кубаттуулук жетпейт. Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанциясы, эки ири жылуулук электр борбору бар. Аларда кубаттуулук 3892 мегаватт болуп келген.


Кыргыз өкмөтү мурдараак 2026-жылдын соңуна чейин Кыргызстанда 4,7 мегаватт кубаттуулуктагы 48 гидроэлектр станциясын жана күн менен шамалдан энергия алуучу 5,7 мегаватт кубаттуулуктагы 15 станция куруу планын жарыялаган. Акыркы жылдары үч түрдүү станциялар четинен курулууда, бирок кубаттуулук буга чыга элек.

“Узун мөөнөттө – биз биринчи кезекте Камбар-Ата-1 ГЭСин курушубуз керек. Аны куруп бүткөндөн кийин, Камбар-Ата-2 ГЭСин толук бүтүрүшүбүз керек. Азыр анын экинчи агрегатын курууга аракет болуп жатат, бирок, тилекке каршы экинчи агрегат азырынча иштебейт. Акча текке кетип калышы ыктымал. Жогорку Нарын ГЭСтер каскады, Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын, Сары-Жаз ГЭСтер каскадын жана башка ири долбоорлорду бүтүрүү кажет. Бул жок дегенде 8-10 жылдык мөөнөттү талап кылат. Ал эми кыска мөөнөттө сууну үнөмдөшүбүз керек. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн биз жок дегенде 15-16 млрд куб менен кирип турушубуз абзел. Ошондо гана кышкы мезгилде момундай өчүрүүлөр болбойт”, – деди Расул Умбеталиев.

Президент Садыр Жапаров былтыр Фейсбуктагы постунда 2026-жылы 25, 2027-жылы дагы 14, 2028-2030-жылдары кеминде 5 жаңы чакан ГЭС куруларын билдирген. Бирок баары бир коюлган планды ишке ашыруу кечеңдөөдө жана Кыргызстан кеп болгон кубаттуулукка 2030-жылдары барып чыгышы мүмкүн. Ага чейин электр энергиясынын таңкыстыгы боло берет жана өчүрүүлөр ыктымалдуулугу кала берет.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун утурлаган инфратүзүмдү салуу иштерин өз алдынча 2022-жылы баштаган. 2023-жылдын башында Камбар-Ата-1ди Борбор Азиядагы үч өлкө – Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, үч мамлекет биргелешкен ишкана түзөт, ал Камбар-Ата-1 ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга, Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт деп чечилген. ГЭСти курууга эң аз дегенде 2-3 млрд доллар, болбосо 4-5 млрд доллар да кетиши мүмкүн.

Баштапкы маалыматтарда Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. Станция толук курулуп бүтсө 1860 мегаватт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Бул Кыргызстандагы ушул таптагы эң ири Токтогул ГЭСинен чоң дегенди түшүндүрөт.