Трамп Зеленский Орусия менен мунасага келиши керектигин айтты

Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп шейшембиде Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Москва баштаган кеңири масштабдуу согушту токтотуу үчүн Орусия менен келишим түзүшүн каалай турганын билдирди.

"Биз Зеленскийдин келишимге келишин каалайбыз. Ал муну кыла алат. Ал келишимге барууну өзү каалашы керек. Менимче, анын эли буга мындан ары чыдай албайт", - деди Трамп Ак үйдө журналисттерге.

Трамп согушта Москва артыкчылыктуу позицияда турат деген пикирин билдирди:

"Орусия - бул чоң машина: ал жөн гана токтобостон алдыга жылып жатат. Ал абдан чоң аймакты ээлеп алууга жетишти".

Соңку апталарда Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен дизел майын жеткирүү боюнча келишим түзүү үчүн Москвага каршы санкциялардын бир бөлүгүнөн баш тарткан соң Киев менен Вашингтондун мамилеси начарлап кеткен.

Трамп Зеленскийди "согушту токтоткусу келбейт" деп айыптап, Украинанын орусиялык мунай кайра иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдарын сынга алган.

Владимир Зеленский АКШны "өтө маанилүү чалгын маалыматтарын жашырып жатат, аскердик жардамды кечиктирүүдө" деп айыптаган.

Дүйшөмбүдө Зеленский Украина борбордук аймактагы энергетикалык объектилерди бутага алган орусиялык кубаттуу ракеталык соккулар тууралуу эч кандай алдын ала эскертүү албаганын белгилеген.

20-октябрда Ослодо Трамптын чабарманы Стив Уиткофф менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Зеленский Киев чалгын маалыматтарын алмашууну кайра калыбына келтиргени жана орусиялык баллистикалык соккулар тууралуу алдын ала эскертүү бергени үчүн АКШга ыраазычылык билдирди.

Зеленский Украина Орусияга согушту уттурбаганын, бирок Киев өз адамдарын жоготуп жатканын, ошондуктан украин бийлиги тынчтыкты орнотуунун жолдорун табууга умтулуп жатканын баса белгиледи.

Дагы караңыз

Активист Азамат Баямановдун беренеси алмашып, иши сотко өттүПрезидент Жапаров “Мадинадагы” соодагерлерди үч айга ижара акысынан бошотууну тапшырдыЭкс-депутат Исхак Масалиев кыргыз тилинен тест тапшырдыПашинян Жапаровду “Казакстандын президенти” деп айтып алгандан кийин протокол кызматынын жетекчисин иштен алды