Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу мезгилдин талабы экенин белгилеп, бул багытта иштер жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примовдун суроосуна жооп берип жатып айтты.
“2024-жылы эки топту атомдук станциялар боюнча таанышууга жөнөткөнбүз. Алардын арасында депутаттар, журналисттер, активисттер кошулган. Эки жолу барып, жеринен көрүп келишти. Биз бул боюнча иштерди акырындан баштай беришибиз керек. Эң негизгиси – эл арасында бул багыт боюнча түшүндүрүү иштерин, макулдашууларды жүргүзөбүз. Элдин макулдугу болгондон кийин активдүү иштерди жүргүзөбүз”, - деди Рысбеков.
Атомдук станциялар боюнча Кыргызстанда кадрдык маселе бар экенин кошумчалады.
Былтыр декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" каналына курган маегинде энергетикалык абалдан улам атомдук электр станциясын куруу маселеси өлкө жетекчилиги менен талкууланып жатканын айткан, бирок буга акырындап келүү керек экенин белгилеген.
Кыргыз өкмөтү “Росатом” менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу тууралуу меморандумуна кол коюлган.
23-мартта “Росатомдун” башчысы Алексей Лихачев Russia Today телеканалына берген интервьюсунда компания Кыргызстан менен чакан АЭС куруу эле эмес орто кубаттуулуктагы станция курууну талкуулап жатканын айткан.