Орусиянын армиясындагы ар бир экинчи чет элдик жалданма жоокер Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн биринин жараны. Бул тууралуу Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоору билдирди.
Долбоордун маалыматына ылайык, 1-октябрга карата Орусия Украинага каршы согушка Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан 20 437 жаранды тарткан. Бул Орусиянын армиясында кызмат өтөп жаткан, тек жайы аныкталган бардык чет элдик жалданма жоокерлердин 44 пайызын түзөт.
"Хочу жить" долбоору аймактагы беш өлкөдөн Украинадагы согушка тартылган жалданма аскерлердин жалпы саны Тажикстандын бүтүндөй армиясынын курамынан ашып түшөрүн белгиледи.
"Акыркы жылдары Орусия бул аймактан адамдарды жалдоо масштабын бир кыйла кеңейтти. 2025-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн борборазиялыктардын саны мурунку жылга салыштырганда эки эседен ашык көбөйдү", - деп билдирди аталган долбоор.
Маалыматка караганда, 2022-жылдан тартып Орусиянын армиясы менен келишим түзгөндөрдүн басымдуу бөлүгү Өзбекстандын жарандары.
Өзбекстан – 8 207 адам;
Тажикстан – 5 308 адам;
Казакстан – 3 819 адам;
Кыргызстан – 2 219 адам;
Түркмөнстан – 884 адам тартылган.
Быйыл апрелде "Хочу жить" долбоору Борбор Азия өлкөлөрүнүн 12 666 жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарында согушканын же учурда согушуп жатканын билдирген.
Долбоордун авторлору Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү "Москвадан өз жарандарынын тагдыры тууралуу жооп талап кылып, алардын согушка кандайча тартылганын аныкташы жана Орусия чыр-чатакка аралаштырган жарандарды кайтарып келүү боюнча чараларды көрүшү керек" деп эсептешет.
Борбор Азия мамлекеттери Орусиянын Украинага басып киришине карата бейтарап позицияны карманууга аракет кылып, көптөн берки өнөктөшү болгон Москваны ачык сындоодон алыс болуп келишет.
Орусияда абактагыларды согушка азгыруу токтобой жатканы тууралуу маселе 20-октябрда парламентте дагы көтөрүлдү.
13-октябрда министр Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин айткан. Министр алгачкы жолу аскер комиссариаттарында, тергөө изоляторуна алып барып кол койдуруп алып кетип жаткан учурлар тууралуу айткан.
Кулубаев согуштан канча кыргызстандык кайтарылганын айткан жок.
Кыргыз бийлигине кайрылып, бирок баласын, жакындарын согуштан кайтара албай убара тарткандар бар. Алардын айрымдары тууралуу "Азаттык" жазып келген. (КЕ)