ӨКМ "Ырыс Ордодо" түтүн чатырды изоляциялоо учурунда чыкканын билдирди

"Ырыс Ордо". 21-октябрь, 2026-жыл. Сүрөт интернеттен алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкекте жаңы салынган "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс борборунун чатырында түтүн изоляциялоо иштери учурунда чыкканын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, имараттын чатыры түтөп жатканы тууралуу маалымат 12:36да түшкөн. Ага эки күжүрмөн эсеп, эки автошаты, кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жана штаб тартылган. Түтүн 15:23тө өчүрүлүп, учурда кырдаал толук көзөмөлдө экени кабарланды.

ӨКМ "Ырыс Ордонун" чатырынан өрт чыкпаганын кошумчалады.

Окуянын чоо-жайы жана түтүн пайда болгон аймакты текшерүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин социалдык тармак колдонуучулары борбордун негизги имаратынын чатыры түтөп жаткан сүрөт, видеолорду интернетке жайгаштырышкан. Анда өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатканын көрүүгө болот.

Бишкекте "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс борборунун ачылышы 24-августта болгон. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, учурдагы жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, эл аралык миссиялардын өкүлдөрү, журналисттер катышкан.

Расмий маалыматка ылайык, борбордун жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашат жана бир учурда эки миңден ашуун кишини кабыл алат. Комплексте 1238 орундуу «Курултай» конференц-залы, 1000 орундуу банкеттик зал, 235 орундуу пресс-зал жана расмий делегациялар үчүн сегиз конок үйү бар.

Жапаров бул жерде Элдик курултайдын жыйындарын, мамлекет башчыларынын жолугушууларын, эл аралык форумдарды, анын ичинде ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммиттерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айткан. «Ырыс-Ордо» толугу менен мамлекеттик каражатка курулган. (КЕ)

Дагы караңыз

Манас шаарына "экинчи экономикалык борбор" макамы берилетСадыр Жапаров Кыргызстанда сот системасында көйгөйлөр бар экенин айтты Жаңы салынган "Ырыс Ордонун" чатыры түтөп жатат1-январдан тартып жөлөк пул жана "Баатыр эне" пенсиясы жогорулайтКыргызстан "Укук үстөмдүгү" индексинде ортодон төмөн упай алды