Ишкер Ташов абактан президентке кат жазды, өзүнө далилсиз иш козголгонун айтты

Имамидин Ташов сот залында. 6-декабрь, 2024-жыл

Абактагы ишкер Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, өзүнө коюлган айып боюнча мамлекет башчыга туура эмес маалымат берилгенин жазды. Ишкер кримтөбөл Камчы Көлбаевдин адамдарына каражат берген деген маалыматты төгүндөп, кылмыш дүйнөсү менен эч кандай байланышы болбогонун белгилеген.

Кылмыш ишинде “450 миң доллар берген да, алган да адам жөнүндө” документтер жок экенин жазган. Мындан тышкары УКМК кызматкерлери аны кыйноого, ур-токмокко алганын, “далилсиз иш токуганын” белгилеген.

“Акыркы эки жылда мага карата кылмыш ишин колдон келишинче кооздоп, токуп, мен тааныбаган казак жаранын ишке кошууга аракеттенишип, Т.Күрөңов менен тааныштырышып, кыйнап, коркутуп сүйлөштүрүп, аягында бийликти күч менен басып алууну мойнума алдырганга аракет кылып, токко отургузганга да барышты. Мен баарын Кудайга салдым. Убакыт жана тарых бүгүн болбосо, келечекте өз баасын берет”, - деп жазган Ташов.

Ал чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча факты соттук териштирүүдө далилденбегенин да кошумчалаган.

Президент Садыр Жапаров 12-октябрда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда Имамидин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимованын суроосуна жооп берген. Ишкердин апасы “уулу жалган алдоо жолу, жалаа менен соттолгонун” айтып, ишин акыйкат карап берүүнү суранган.

Садыр Жапаров Имамидин Ташовдун иши боюнча сотко же укук коргоо органдарына тапшырма бере албай турганын, соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин ырайым сураса, карап көрөрүн айтты.

"Ал криминалдарга 450 миң долларлык батирин таратып, “революция кылам” деген. Ал кезде Камчы Көлбаев тирүү болсо керек. Ага жана анын балдарына батир тараткан. Акча чачып, “революция кылабыз” дегенин билем”, - деген президент.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан.

Ишкердин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген.

Бишкек шаардык соту 17-июлда Имамидин Ташовго тагылган Кылмыш-жаза кодексинин үч беренесинин экөө – 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) жана 327-берене (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп таап өкүмдү күчүндө калтырган. Ал эми үчүнчү – 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча акталган. Натыйжада биринчи инстанция берген 9 жылдык жаза 1 жылга азайып, 8 жылга түшүрүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.

Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.

Дагы караңыз

Опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылдыОрусияда дагы бир Су-30 аскердик учагы кыйрады Германияда Орусиядан уран ташууга каршы нааразылык акциясы өттүОрусия украин армиясына жалданган деп соттолгон Хаббардды Трамптын суранычы менен бошотту