Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Германияда Орусиядан уран ташууга каршы нааразылык акциясы өттү

Линген шаарындагы нааразылык акциясы, 21-октябрь, 2026
Линген шаарындагы нааразылык акциясы, 21-октябрь, 2026

21-октябрда кечинде Германиянын Линген (Төмөнкү Саксония) шаарында Орусиядан уран жеткирүүгө жана жергиликтүү заводдун "Росатом" менен кызматташуусуна каршы акция өттү. Франциялык Framatome компаниясына караштуу ишкананын жанындагы пикетти жергиликтүү активисттер уюштурушкан. Бул тууралуу "Экозащита" экологиялык уюмунун өкүлдөрү "Свобода" радиосуна кабарлашты.

Акция Роттердам портуна "Михаил Дудин" кемеси келет деп күтүлүп жатканына байланыштуу уюштурулду. Активисттердин айтымында, ал Орусиядан байытылган урандын дагы бир партиясын ташып жатат. Азырынча жүк тууралуу ырасталган маалымат жок.

Нааразылык акциясынын катышуучулары Framatome компаниясынан орусиялык мамлекеттик корпорация менен кызматташтыгын токтотууну талап кылды. Лингендеги орусиялык дизайндагы атомдук электр станциялары үчүн өзөктүк отун чогултуучу түзүлүштөрдү чыгарууга берилген уруксатты жокко чыгаруу талабын да айтышты. Мындай түзүлүштөр, Чехиядагы, Венгриядагы жана Болгариядагы атомдук электр станцияларында колдонулат. Мындан мурдарак активисттер "Росатом" кызматкерлеринин өндүрүшкө катышуусу тыңчылык жана саботаж коркунучун жаратат деген кооптонууларын билдиришкен.

Экологдор "Росатом" компаниясы Украинанын орус аскерлери басып алган Запорожье АЭСин башкарууга катышып жатканын белгилешүүдө.

Жаңы өндүрүшкө уруксат Германиянын федералдык өкмөтүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, 2026-жылдын жайында Төмөнкү Саксония бийлиги тарабынан берилген. Экологиялык уюмдар бул чечимге каршы сотко кайрылышты. Люнебург шаарындагы сот экологдордун уруксатты токтотуу тууралуу өтүнүчүн карап жатат.

Орусиялык урандын мурунку партиясы компанияга август айында, полициянын коштоосунда жеткирилген, бул окуя да нааразычылык акциялары менен коштолгон.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG